БШК парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады

15 декабря 2021 БШК парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады

БШК парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, алты партия жеңишке жетти деп тааныды.

Бирдиктүү шайлоо окургу боюнча алты партияга мандат берилет.

  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 15 мандат;
  • "Ишеним" — 12 мандат;
  • "Ынтымак" — 9 мандат;
  • "Альянс" — 7 мандат;
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 6 мандат;
  • "Ыйман нуру" — 5 мандат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Жыйынтыкка ылайык, парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда "баарына каршы" деген графа көп добуш алган. Бул аймакта кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.

sputnik