Секс жокто проблема көбөйөт: денеде кандай өзгөрүүлөр жүрөт?

15 декабря 2021 Секс жокто проблема көбөйөт: денеде кандай өзгөрүүлөр жүрөт?

Бир аз чындык тууралуу сөз кылалы. Чынында эгер жыныстык кошулуу болбосо, “тиякты” желе басып кетпейт, же болбосо биринчи көргөн эркекке же аялга жабышып жатып калбайсың. Бирок, адам болгондон кийин интимдик жашоону токтотуп койсо, кандай реалдуу таасирлер болот?

Жыныс кыны кичирейип кетпейт

Ага кошо кыздык белги да кайра ордуна келип калбайт. Болгону кындын ткандары дүүлүгүүчү учурда дүүлүкпөй, реакция кыла албай калат. Бирок, аны интимдик жашоо башталгандан кийин бат эле кабылына келтирип алса болот.

Эркектерде проблема болушу мүмкүн

Секстен карманып туруу эркектердин сексуалдуулугуна терс таасирин тийгизет, алардын эрекциялык дисфукнциясын жогорулатат. Үзгүлтүксүз секс менен алектенүү либидого оң таасир этет. Мындан тышкары, табигый аналгетик катары иштеген эндорфиндин деңгээлин жогорулатат.

Тынчы жок жашоо башталат

Секс стресске жана тынчсызданууга жардам берет эмеспи. Эгерде адам кайсы бир убакта секс менен алектенбей калса, эл менен тил табышып сүйлөшө албай, андан улам стресске кабыларын окумуштуулар аныкташкан.

Суук тийгизип алуу коркунучу жогору

Секс менен суук тийүүнүн кандай байланышы бар дейсиңби? Секс иммундук системаны көтөрөт. Эгер адам жок деген 2 жумада бир секс менен алектенип турса, секс менен такыр алектенбегендерге караганда, А иммуноглобулининин (IgA) деңгээли 30% жогору болот. А иммуноглобулини – организмди вирустан коргоонун биринчи линиясы.

Жыныс жолдорунун инфекция жугузуу тобокелдигин төмөндөтөт

Бул секс жок жашоонун плюс жагы. Жыныс жолдорунун инфекциясынын 80% секс аркылуу жугат. Жыныстык катнаш учурунда кындын бактериялары уретрага кирип, инфекцияны пайда кылышы мүмкүн.