Укташ керек. Таксисттердин иштөө убактысына чек коюу пландалууда

15 декабря 2021 Укташ керек. Таксисттердин иштөө убактысына чек коюу пландалууда

Таксисттерге лицензия берүү эрежесин иштеп чыгууда жумуш убактысына белгилүү бир чек коюу пландалып жатат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Саркуловдун айтымында, таксисттердин иштөө жана эс алуу убактысын иретке келтирүү маселеси жаралган, себеби ашыгы менен иштеп, аз уктап жүргөн кырсыкка кабылган таксисттер көп кездешет.

"Лицензия берүүнүн бирден-бир маанилүү учуру — бул эс алуу жана жумуш убактысын көзөмөлдөө. Менчик таксилер үчүн лицензиянын эрежесин иштеп чыгууда жумуш убактысына белгилүү бир чек коюлат. Муну менен маселе жөнгө салынат. Өзүңүздөр билгендей, азыр эч кандай көзөмөл жок. Мисалы, таксист алыскы региондон келери менен кардар чыгып калса, эс алып уктабай эле кайра кетип калат. Бул биздин негизги көйгөй. Андыктан лицензия берүү менен эс алуу жана иштөө убактысынын маселесин чечебиз", — деди Саркулов.

Ошондой эле ал белгиленген чектин аткарылышын көзөмөлдөө инспекторлордун ишин санариптештирүү аркылуу ишке ашырыларын кошумчалады.

"Жолдорго жылып жүрүүчү посттор коюлат. 2022-жылдын башында Кыргызстандагы бардык инспекторлор планшет менен камсыздалат. Анын ичинде таксисттердин маалыматтык базасы жайгаштырылат. Мындан сырткары, таксисттердин кайда жүргөнүн да каттоого алабыз. Анда канча убакыт, каякта, кайсы каттам менен жүргөнүн көрө алабыз. Маселе азыр эле чечилет деп айта албайм, бирок келечекте бул системаны электрондук форматка өткөрүп көзөмөлдөөнү пландап жатабыз", — деди ЖКККББ жетекчисинин орун басары.

Белгилей кетсек, декабрдын башында президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Ички иштер министрлигине бир топ мекемелер өткөрүлүп, айдоочулук күбөлүк берүү, унааларды каттоо, такси кызматына лицензия берүү сыяктуу бир нече милдеттер жүктөлдү.

sputnik