Көлдө курал менен май куйган жайды 1000 сомго карактап кеткендер кармалды. Видео, сүрөт

15 декабря 2021 Көлдө курал менен май куйган жайды 1000 сомго карактап кеткендер кармалды. Видео, сүрөт

Ысык-Көлдө ок атуучу курал менен май куюучу жайдан акча карактаган үч шектүүнүн экөө кармалып, үчүнчүсүнө издөө жарыяланды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

ВИДЕО

14-декабрга караган түнү (болжол менен саат 04.25 чамасы) Жети-Өгүз райондук милициясына Саруу айылынын тургуну белгисиз үч адам ок атуучу курал менен коркутуп, май куюучу жайдан акча каражатын карактап кеткендигин айтып кайрылган.

Билдирүү райондук милициянын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 207 ("Каракчылык") беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө-ыкчам тобунун милиция кызматкерлери окуя болгон жерде сурамжылоо иштерин жүргүзүп, азиат тектүү үч киши курал менен май куюучу жайдын терезесин талкалап, операторду коркутуп, акча талап кылышкан. Алар кассадагы 1 000 (бир миң) сомду алып, белгисиз тарапка качып кеткени аныкталган.

"Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери изин суутпай кылмыштын бетин ачышкан. Шектүү катары Дархан айылынын 28 жаштагы Ш.Ж. жана 16 жаштагы Б.Б. аттуу тургундары кармалды. Ал эми үчүнчү шектүү, ушул эле айылдын 26 жаштагы А.А. аттуу тургунуна издөө жарыяланды", — деп айтылат билдирүүдө.

sputnik