Унутчаак болуп, айтчу сөзүн таппай калат. COVID-19дун мээге таасири

15 декабря 2021 Унутчаак болуп, айтчу сөзүн таппай калат. COVID-19дун мээге таасири

Коронавирус мээге таасир эткен учурда адам сакайгандан кийин унутчаак болуп, бат кыжырланып калат. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы психиатры Зураб Кекелидзеге шилтеме берип РБК кабарлады.

Адистин айтымында, алгач адам COVID-19 кандай кесепетин калтырганын аңдай бербейт. Бардыгы бара-бара билине баштайт.

"Адамдын эс-тутуму начарлап, кээде айтып жүргөн сөздөрүн таппай калат. Ошондой эле болор-болбос нерсеге кыжырланып, эч кимди жактырбаган учурлары көп болот. Ал эми спорт менен машыгып жүргөн адамдар көнүгүүлөрдү жаңы баштаган учурда эле энтигип калат", — деди Кекелидзе.

Маалыматка караганда, коронавирус адамга психологиялык жактан көп кесепетин тийгизүүдө. Мисалы, вирустан сакайган адамдарга тынчсыздануу — депрессиялык синдром илдети көп байкалууда. Адистер мындай абал кишинин иштөө жөндөмдүүлүгүн азайта турганын айтып жатышат.

sputnik