Шишип кетет. Адис тамак ооруну өз алдынча дарылабаш керектигин эскертти

15 декабря 2021 Шишип кетет. Адис тамак ооруну өз алдынча дарылабаш керектигин эскертти

Адамдар тамак ооруганда көп учурда анын кесепетин унутуп, өз алдынча дарылана баштаганы кооптуулук жаратат. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, оториноларинголог Владимир Зайцевге шилтеме кылып "Известия" басылмасы жазды.

"Тамак ооруп калганда эң эле көп жайылган "дарылануубуз" — ингаляция. Өзгөчө бууга көп кактайбыз. Бул жерде адамдын тамагы шишип кетип, аба өтпөй калуу коркунучу бар. Ал дароо эмес, акырындап отуруп болот", — деген ал.

Дарыгер ысык ооруган тамакты ого бетер шишитип жиберерин айткан.

Мындан сырткары, "дарылануунун" дагы бир ыкмасы — керосин менен чайкоо же кебезге сиңдирип алып майлоо. Зайцев мындай ыкма онкологиялык оорулардын жаралышына себепкер болушу мүмкүн деп эскертти. Ал тилдин түбүндө, ооздун ичинде, тамакта, таңдай жакта жаралышы ыктымал. Ошондой эле сода, йод же туз менен кечке чайкай берүү былжыр челдин кургап кетишине алып келерин айтты.

Оториноларинголог тамак ооруганда сүт азыктарын ичип, жумшак тамак-аш жегенге кеңеш берди. Ичип жаткан нерселер өтө ысык да, өтө муздак да болбошу керек.

sputnik