“Атам чет өлкөлүк жигитке турмушка чыгышыма каршы”: элдин сөзү маанилүүбү же кыздын бактысыбы?

15 декабря 2021 “Атам чет өлкөлүк жигитке турмушка чыгышыма каршы”: элдин сөзү маанилүүбү же кыздын бактысыбы?

Кыз өзүн сузактык болом деп тааныштырды. Аты Назгүл, жашы 32де экен. Туугандары аны кара далы деп айтышкандарына капа экен. Кээ бир тааныштары “дагы 2-3 жыл жүрсөң, сени эч ким албайт” деп айтышат дейт.

Кыргыз жигиттер менен таанышып, сүйлөшкүсү келбейт экен. Анткени, алар дароо эле “кызсыңбы?” деп башташат дейт. “Мага жолуккан жигиттердин баары ушуну сурашат. Мен болсо экинчи курста окуп жүргөндө сүйгөн жигитиме алданып калгам. Өзгө эмес, кыргыз жигити мени алдап, арбап тузагына түшүрдү. Ал азыркы кыздарга ишенбейт экенин, текшерип көрүп анан үйлөнөрүн айтканда, мен өзүмдүн кыз экенимди далилдегим келди. Ал каалаганына жеткенден кийин таштап кетти. Кыз бала үчүн алдануудан өткөн азап жок, көңүлүм калды”, - дейт Назгүл.

Ал эмне себептен башка улутка турмашка чыккысы келерин айтып берди.

“Мен да өз элимде бактылуу болгум келет. Бирок, биздин жигиттер пайдаланууну гана көздөйт. Баарын жаман деп айтуудан алысмын, бирок мага жолуккан кыргыз жигиттердин баарынын эле ою бир.

Таанышып, үйлөнүү сунушун киргизгенде, мен алданып калганымды жашырбай айтып берем. Анткени, эртеңки күнү басынгым келбейт. Ал эми алар сырымды билген соң, эрмектегиси келет. “Баары бир “кыз” эмес экенсиң, эмнең кетет эле” деген сөздөрдү угуу канчалык оор экенин түшүнбөгөндөр четтен чыгат. Мындай сөздөрдү жигит кезинде айткандар, үйлөнгөндөн кийин да айтары белгилүү.

Бир жигит менен таанышып, ага сырымды айткандан кийин, ал баарын түшүнөрүн айтып, экөөбүз кыз-жигит болуп чогуу жашап жүрдүк. Бирок, ал такыр үйүндөгүлөр менен тааныштырбай койду. Мен убакыт өтүп жатканын айтканымда “Апам кыз алып келбептирсиң дейт”, “Жеңемдер алгачкы түндөн кийин текшерет” дей баштаганда мамилени үздүм.

Ушундан кийин фейсбук аркылуу таанышкысы келген чет өлкөлүктөр менен сүйлөшө баштадым. Көбүнчө түрк жана англичандар жазат. Англис тилин мектептен эле жакшы билем. Ал эми түрк тилин Түркияга эс алууга барып жүрүп эле үйрөнүп алдым. Азыр мага үйлөнүү сунушун киргизген бир түрк жана бир англичан бар. Бирөө такыр үйлөнбөгөн, Англияда хирург болуп иштейт. Ал эми түрк жигит ажырашкан, Кипрде турат. Ал Кипрдеги мейманканалардын биринчи ашпоз.

Былтыр Түркияга чакырды. Жолкиреме акча салды. Барып, таанышып келдим. Жакты. Ал эми англиялык жигит өзү келип кетти. Бирок, атам каршы болуп жатат. Апам “Кыздын багын байлаба. Элдин кыздары деле чет өлкөгө турмушка чыгып, бактылуу өмүр сүрүп жатпайбы”, - деп атамды көндүрө албай жүрөт.

Алысыраак туугандарыбыздын кызы чет өлкөгө турмушка чыкканда атасы элдин сөзүнө: “Кызым көчөдө калган бирөөгө турмушка чыккан жок. Башкысы, кызым бактылуу” деп элдин оозун жапкан. Мен деле көчөдө жүргөн бирөөгө турмушка чыгайын деп жүргөн жокмун. Экөөнүн тең үй-жайы, иштеген иши бар. Салт боюнча алып кетүүгө каршы эмес. Мага алардын аялзатына кылган мамилеси, урмат-сыйы жагат. Биздин кыргыз жигиттер сыяктуу “Төрөй аласыңбы? Мурун аборт жасаткан эмессиңби? Мага кеминде төрт бала төрөп беришиң керек” деп шарт койбойт.

Атам “Чет өлкөгө турмушка чыкканча, бир кыргыздын экинчи, үчүнчү аялы болгонуң жакшы” дейт. “Кааласаң каалаган эркектен төрөп ал. Каршы эмесмин. Бирок, башка улутка турмушка чыксаң, жашоомдон чийип салам” деп ачууланып отурат. Менин максатым көрүнгө тийип, эптеп эле төрөп алуу эмес, бактылуу болуу да. Ушуну түшүнбөй койду.

Атама түшүндүрүү үчүн алданып калганымды айтууга аргасыз болдум. Башында ачууланды. Ачуусу тараганда “Ажырашкандар бар, аялы каза болгондор бар, ошолордун бирөө алар” деди. Неге мен “алса болду” деп эле турмушка чыга беришим керек? Атам адам тагдыры, кыз бакыты жөнүндө ойлонгон жок.

Мен азыр беле күйөө тандай турган жаштамын да. Жашым 50гө келип калса экен, алам дегенге эле тие бергидей. Укпай чет өлкөгө кетип калууга чечкиндүүлүк жетпей жатат. Экөөнүн кайсынысын тандасам экен?..”