Муздаткычка такыр салууга болбой турган азыктарды билесизби?

14 декабря 2021 Муздаткычка такыр салууга болбой турган азыктарды билесизби?

Азык-түлүктү жакшы сактоо үчүн көпчүлүк муздаткычка салууга аракет кылат. Албетте, керек учурда муздаткычтан алып чыгып даярдоо убакытты үнөмдөйт. Деген менен, азыктардын баарын эле муздаткычка сала берүүгө болбойт. Себеби, кээ бир азыктар муздаткычта өзүнүн пайдалуулугун жоготуп, даамсыз, колдонууга жараксыз болуп калат.

Муздаткычка салууга болбой турган мөмө-жемиштер:

  • Помидор. Муздаткычта турууну такыр каалабайт. Даамсыз, жытсыз болуп калат.
  • Аткулак (щавель) жана шпинат. Муздаткычта булар жылтырап, карарып кетет.
  • Бадыраң. Бадыраңды да муздаткычка салууга болбойт. Анын жаңысын дароо колдонуу керек.
  • Картошка. Муздаткычта картошка жабышкак болуп калат. Курамы толугу менен өзгөрүп, жараксыз абалга келет.
  • Салат жалбырагы, укроп, кинза, петрушка. Муздаткычта өңүн, даамын, түсүн жоготот.
  • Дарбыз. Дарбызды муздаткычка коюуга болбойт. Анын ширесинин баары даамсыз сууга айланат.
  • Селдерей. Өзүнүн даамы менен кошо пайдалуулугун да жоготот.

Кээ бир даяр тамак-аштарды да муздаткычка салууга болбойт:

  • Жумуртка. Муздаткычка түшкөн жумуртка өзүнүн структурасын өзгөртүп жиберет. Бышканы да, чийчиси да. Ошондой эле, жумуртка кошулган тамактар жана салаттар да муздаткычтан чыкканда даамсыз болуп калат.
  • Майонез. Муну да муздаткычка салууга болбойт. Ал кесекке айланып, бузулат.
  • Бышырылган макарон муздаткычтан чыккандан кийин даамын жана көрүнүшүн толугу менен өзгөртөт.
  • Курамында желатини бар азыктар муздап, кайра эригенде сууга айланат.
  • Куурулуп даярдалган тамактар муздаткычтан чыккандан кийин боз түскө айланат.
  • Йогуртту муздаткычка салса, ал катмарланып, даамын жоготот.
  • Каймак. Муздаткычка салынган каймак кристалдашат. Эриген соң сары суу бөлүнүп, жегенге болбой калат.

Мындан тышкары, муздаткычка балды, сарымсакты, пиязды, газдалган суусукдуктарды жана шоколадды да салууга болбойт.