Ар бир короо текшерилет! Кыргызстанда мал-жандыкты саноо башталды

14 декабря 2021 Ар бир короо текшерилет! Кыргызстанда мал-жандыкты саноо башталды

Кыргызстанда малды жана үй канаттууларын саноо башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, санакты каттоочулар жүргүзөт.

"Алар ар бир дыйкан-фермердик чарбанын, шаардык жана айыл жерлериндеги дачалык участкалардын, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттардын жана башка өзүнчө жайгашкан объектилердин короосуна кирип, санап чыгышат", — дешти министрликтен.

Иш-чаранын планына ылайык, райондор боюнча кыскача жыйынтык 2022-жылдын 24-январында, ал эми өлкө боюнча жалпы жыйынтык 2022-жылдын 16-февралында белгилүү болот.


sputnik