Жапаров: Кыргызстанда бүтүндөй билим берүү системасы реформаланат

14 декабря 2021 Жапаров: Кыргызстанда бүтүндөй билим берүү системасы реформаланат

Кыргызстанда бала бакчалардан тарта орто мектептерди, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды реформалоо боюнча программа кабыл алынды. Бул туурасында мамлекет башчы Садыр Жапаров студенттерге президенттик стипендия тапшырып жатканда айтты.

"Бала бакчалардан тарта жалпы билим берүүчү орто мектептерди, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды реформалоо боюнча программа кабыл алынып, ишке ашыруунун жол-жобосу каралууда. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окутуунун мезгил талабына жооп бере турган жаңы программаларын иштеп чыгуу, ага ылайык адис-кадрларды даярдоо боюнча иш-аракеттер күчөтүлүүдө", — деген Жапаров.

Мындан сырткары, мугалимдердин, окутуучулардын айлыгын көтөрүү маселелерин чечүү да каралып жатканы маалым болду.

sputnik