Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоого багытталган муниципалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс жарыяланды. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик маалымдады.
Белгилей кетсек, октябрь айында кабыл алынган "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэри президент тарабынан дайындалат.
Талапкерлер кадрлар резервинен тандалып алынышы керек. Мындан улам бош кызмат орундарын ээлөөгө кадрларды даярдоо үчүн муниципалдык резерв түзүлгөн. Максаты эң квалификациялуу жана келечектүү башкаруучу кадрлар менен өз убагында алмаштыруу болуп саналат. Аталган резервге киргизүү үчүн документтерди кароо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү этаптарынан өтүү шарт.
Иш тажрыйбасына карата талаптар:
- Республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна — жогорку билим, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 7 жылдык стаж. Ошондой эле башка чөйрөдө жетектөөчү кызматта 10 жылдан кем эмес тажрыйба;
- Вице-мэр кызматына — жогорку билим, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 5 жылдан кем эмес стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес тажрыйбасы;
- Облустук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна — жогорку билим, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 5 жылдык стаж. Ошондой эле башка чөйрөдө жетектөөчү кызматта 7 жылдан кем эмес тажрыйба;
- Вице-мэр — жогорку билим, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стаж же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес тажрыйба.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү 24-декабрда аяктайт. Конкурс Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан өткөрүлөт. Толук маалымат аталган ведомствонун расмий сайтына жарыяланган.