Доллар жаңы жылдан кийин кымбаттайбы? Кыргызстандагы абалга божомол

14 декабря 2021 Доллар жаңы жылдан кийин кымбаттайбы? Кыргызстандагы абалга божомол

Быйыл Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу максатында валюталык рынокто 670 миллиондон кем эмес доллар сатты. Бул — рекорддук көрсөткүч. Доллардын наркынын көтөрүлүшү өлкөгө коркунуч туудурбайбы?

"Балдар жаңы жылдык белектердин баасына, ал эми эркектер доллардын кунуна көз салат" деген сөздөн башталды таанышым экөөбүздүн баарлашуубуз. Аны түшүнүп турам, өзү импорт менен алектенет. Эгер "америкалык акчанын" наркы асмандап кетсе, анын сом менен сатылган товарлары да кымбаттап, соода начарлайт.

Кыргызстандыктар үчүн доллардын куну эмнеге маанилүү?

Биздин өлкөгө товарлардын көбү сырттан ташылат, болгондо да алардын басымдуу бөлүгүнө АКШ акчасы менен төлөнөт. Башкача айтканда, аларды импорттоодо доллар менен өлчөнгөн сатып алуу баасы өзгөрбөгөн күндө да америкалык валюта курсу өсүп кеткенде сом менен коюлган баа да жогорулайт. Дагы бир урунттуу учур — тышкы карыздын көп бөлүгү да доллар менен төгүлөт, ал эми бюджетке негизинен сом түрүндө киреше кирет. Башкача айтканда, аталган валютанын кымбатташынан улам Кыргызстан карызын жабууда да көбүрөөк чыгым болот. Ал чыгашалардын ордун бүтөө үчүн кошумча каражат зарыл.

Эмнеге божомолдорду билүүнү чечтик?

Өткөн аптада 7-декабрда Улуттук банк валюталык рынокто дагы 71,3 миллион доллар сатты. Бул рекорддук интервенция. Өткөндө эле, тагыраагы, 23-ноябрда 70,3 миллион доллар сатып, кезегинде бул дагы рекорд катары бааланган болчу.

Улуттук банк эмне үчүн валюта сатат? Интервенциялар сомдун кунун кармап же доллардын наркынын өсүшүн жумшартуу үчүн жүргүзүлөт. Каржылык жөнгө салуучу долларды сатып эле эмес, сатып да алат, бирок соңку жылдары сейрек кездешүүдө. 

Улутттук банк чет өлкөлүк валютаны канча көлөмдө сатты?

Быйыл өлкөнүн негизги банкы накталай эмес түрдө 633 миллион жана накталай 38 миллион (24-ноябрга карата) доллар сатты. Чындап эле бул рекорд. Улуттук банктын маалыматтарына таянсак, мурда бул көрсөткүч эч качан 600 миллион долларлык чекке жеткен эмес, сумма алда канча аз болчу.

Канча резерв бар жана алар эмне үчүн зарыл?

Валюталардын кескин кымбаттап кетишин ооздуктоо үчүн Улуттук банк эл аралык валюталык резервдерин пайдаланат. Акыркы жылдары алар 3 миллиард доллардан ашат. Башкача айтканда, курсту кармап туруунун эбегейсиз чыгымдарына карабастан резерв кыйла көлөмдүү. Мамлекеттин башкы банкынын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов айтып келгендей, резервдин көлөмү импортту (эгер экспорт токтоп жана чет өлкөлүк валюталар келбей калган болжолдуу учурда) жарым жыл жаап турууга мүмкүндүк берет. Каржылык жөнгө салуучу сомдун курсу өзгөрүлмөлүү экенин, башкача айтканда, суроо-талап менен сунуштун эсебинен аныкталарын, ал чектелбей турганын дайым эскертет.

Евразия өнүктүрүү банкынын божомолу

Жакында Евразия өнүктүрүү банкы макроэкономикалык жоромол жасады. Анда Кыргызстанга, анын ичинде өлкөдөгү доллардын наркына өзүнчө бир тема арналган. Ага ылайык, жакынкы жылдары доллардын орточо курсу төмөнкүчө болмокчу:

  • 2021 — 84,6 сом;
  • 2022 — 85,1 сом;
  • 2023 — 85,5 сом.

Бирок келерки жылга карата божомолдо эске алчу бир жагдай бар. Улуттук банк курстун кескин кымбатташын алдын алуу үчүн валюта сатууну улантат. Ошондой эле Кошмо Штаттардын Федералдык резервдик тутумунун да эсептик чени жогорулашы күтүлүүдө. Бул "сомдун тездик менен чабалдашын" шартташы ыктымал. Башкача айтканда, АКШ ФРТ чени көбөйтүлсө доллар да кымбаттайт.

Доллар бир аз гана кымбатташы мүмкүн

Каржы тармагындагы эксперт Илимбек Абдиев доллардын куну бир катар себептерден улам кымбаттабай турганын боолголоду: 

  • пандемиядан бери дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баа көтөрүлүп, импортко суроо-талап өскөндүгүнө байланыштуу долларга зарылдык күч алган. Бирок акырындап бул эл аралык рынокторго салыштырмалуу теңделет, турукташат;
  • Кыргызстанга соода жаатында өнөктөш болгон өлкөлөр да ушундай эле өзгөрүүлөргө тушугуп, бааны ооздуктоо менен алек. Эмдиги жылы экономикалар өзгөргөн шарттарга кыйла ыңгайлашып калат;
  • доллардын кунунун өсүшү импорттук товарлардын кымбатташына алып келет, ал эми мунун социалдык нааразычылыктарды жаратуу коркунучу бар.

"Ошондуктан доллар кымбаттаган күндө деле курс анчалык өсүп кетпейт", — деп жыйынтыктайт оюн Абдиев.

Булардан тышкары, ал Улуттук банк өз резервдеринин баарын же көп бөлүгүн коротуп жибербестигин, анткени кырдаал турукташып келе жатканын белгиледи. Анын баамында, интервенциялар болсо деле ашкере көлөмдө жүргүзүлбөйт. Ал эми быйылкы рекорддук көлөмдөр жогоруда тизмеленген суроо-талап жана көйгөйлөрдүн айынан улам болгонун боолголойт эксперт.

Улуттук банк бул кадамга барбаса доллардын наркы асман чапчыйт

Акча алмаштыруучу бюролор ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов бүгүнкү күндө Улуттук банк тарабынан доллардын курсуна көзөмөл бар экенин белгиледи. 

"Менимче, интервенциялар жүргүзүлбөсө доллар асмандап кетмек. Жакында 71,3 миллион доллар сатылды. Негизи биздин рынок үчүн бул көп, бирок рынок аны дароо "жутуп алды", доллардын куну түшкөн жок. 84,9 сом бойдон кармалууда", —деп белгиледи Рыскулов.

Анын пикиринде, эгер ооздукталбаса дүрбөлөңдөн улам да доллар кеминде эле 87 сомго чыкмак.

"Эгер курс 85 сомдон өйдө көтөрүлсө эле рынокто дүрбөлөң башталат. Биз кырдаалга 2000-жылдардан бери көз салып келебиз. Мисалы, доллар 30 сомдон 35 сомго көтөрүлгөндө баары жапырт доллар сатып алууга киришкен, Улуттук банк 34 сомдон сатып, курсту жөнгө салган. Кийин бул улам доллардын баасы жогорулаган сайын кайталанып келди", — деп түшүндүрдү Рыскулов.

Курсту болжолдоо ого эле кыйын экенин айтат ал. "Баары интервенцияларга жараша. Эгер алар жүргүзүлсө, анда курс сакталып турат. Антпесе кымбаттайт. Бирок Улуттук банк курсту кечке эле ооздуктап, кайра-кайра интервенция жүргүзө албайт", — деди Акча алмаштыруучу бюролор ассоциациясынын төрагасы.

Рыскулов курстун наркына дүйнөлүк экономикадагы жагдай жана Кыргызстандын экономикалык абалы да таасир этет. Ошону менен бирге эле бизнестин көп тармактары алигүнчө "пандемиянын айынан жерден боор көтөрө электигин" да кошумчалады.

Улуттук банк эмне дейт?

Өткөн шейшембиде Sputnik Кыргызстан Евразия өнүктүрүү банкынын божомолу боюнча жана доллардын курсу тууралуу пикирин билүү үчүн КР Улуттук банкына кат менен кайрылган. Ошондой эле ал валюталык интервенция жүргүзүүнү уланта береби же алтын-валюталык резервдерин үнөмдөөгө өтөбү деген да суроо жолдогонбуз. 

Жооп али келе элек, бирок бир аз мурдараак Sputnik Кыргызстан радиосуна КР Улуттук банкынын экономикалык башкармалыгынын жетекчиси Азат Козубеков Евразия өнүктүрүү банкынын божомолу боюнча ой бөлүшкөн. Айтымында, Улуттук банк түптөлгөндөн бери эркин өзгөрмөлүү курс саясатын карманат.

"Биз алмаштыруу курсун да, анын тенденцияларына да кандайдыр пикир айтып же божомолдобойбуз. Эмнеликтен? Анткени алмаштыруу курсунун түзүлүшүнүн рыноктук механизмине жолтоо болбоого тийишпиз. Анын эркин түптөлүшүнө эч кандай таасир эткибиз келбейт, ошол себептен пикир айтып же бир нерсени божомолдой албайбыз. Себеби рыноктук механизмге доо кетирип алуу коркунучу бар", — деп белгилеген Азат Козубеков.


sputnik