Бишкектин окуучулары кайрадан аралыктан окууга өтөбү? Мэриянын жообу

14 декабря 2021 Бишкектин окуучулары кайрадан аралыктан окууга өтөбү? Мэриянын жообу

Бишкектин мектептеринде билим алган окуучуларды аралыктан окууга өткөрүүгө бүгүнкү күндө негиз жок. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Мэрия Бишкектин социалдык тармагынын 2026-жылга чейинки өнүгүшү тууралуу" брифингине катышты.

Анын айтымында, учурда мектептер офлайн-форматта иштеп жатат.

"Социалдык тармактарда Бишкектин мектептери декабрда же жаңы жылдан кийин аралыктан окууга өтөт деген билдирүүлөр тарап жатат. Айтарым, балдарды аралыктан окутууга себеп жок. Эпидемиологдор абалды көзөмөлдөп турат. Сезондук сасык тумоо болуп жатат. Бирок мектептерди жаап койгудай абал эмес", — деди Мозгачева.

Вице-мэр кабарлагандай, ушул тапта № 56 мектеп жана үч класс карантинде.

"Ал мектепте деле жагдай өтө кооптуу эмес, бирок эки окуучу менен бир мугалимде коронавирус аныкталгандыктан, алгоритм боюнча убактылуу жаптык", — деди ал.

Ал эми сөз болуп жаткан үч класс ар кайсы мектептерде экени кошумчаланды.


sputnik