Аскар Акаев Кыргызстанга келди

14 декабря 2021 Аскар Акаев Кыргызстанга келди

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак кабарлады.

Болжолдуу маалыматка ылайык, ал бүгүн таңга маал Москва — Бишкек каттамы боюнча учуп келди.

Акаевдин Бишкекке эмне себептен келгени белгисиз. Аны жакшы билген саясатчылар да комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, ушул жылдын август айында Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, УКМКга Кумтөр боюнча сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып, кыргызстандыктардан кечирим сураган.


sputnik