Бет кап "омикрондон" коргой алабы? Иммунологдун түшүндүрмөсү

14 декабря 2021 Бет кап "омикрондон" коргой алабы? Иммунологдун түшүндүрмөсү

Коронавирустун "дельта" жана "омикрон" штаммдары бет каптын эффективдүүлүгүн төмөндөтөт. Бул тууралуу иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Николай Крючков URA.RU порталына берген маегинде айтты.

"Бет кап бул эки штаммдан, өзгөчө "омикрондон" биз каалагандай коргой албайт экен. Анткени эки штаммды тең жугузуп алган адамдан вирустун бөлүкчөлөрү ого эле көп бөлүнүп чыгат. Андыктан ооруп жаткан киши жанында бирөөлөр барда азыраак чүчкүрүп-жөтөлүүгө аракет кылышы керек", — деди Крючков.


sputnik