ЖКнын дагы 4 депутаты белгилүү болду. Бир округда шайлоо өткөн жок деп таанылды

14 декабря 2021 ЖКнын дагы 4 депутаты белгилүү болду. Бир округда шайлоо өткөн жок деп таанылды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун дагы төрт округ боюнча расмий жыйынтыгын чыгарды.

Парламентке өткөндөр:

  • Тазабек Икрамов, Сузак округу;
  • Шаирбек Ташиев, Жалал-Абад округу;
  • Арсланбек Малиев, Жети-Өгүз округу;
  • Максатбек Сарбагышев, Ысык-Көл округу.

Ошентип 36 округдун ичинен 30у боюнча жыйынтык чыкты.

БШКнын өкүлдөрү, мындан сырткары, Бишкек шаарындагы Биринчи май округу боюнча өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Аталган аймакта талапкерлерге караганда "баарына каршы" графасына 11 900 адам добуш берген. Эми аталган округда кайра шайлоо өтмөкчү.

БШК шайлоонун жыйынтыгын толугу менен 18-декабрга чейин чыгарышы керек.


sputnik