Балдарды мектепке жибербегендерди жазалоо сунушталды. Президенттин жарлыгы

14 декабря 2021 Балдарды мектепке жибербегендерди жазалоо сунушталды. Президенттин жарлыгы

Президент Садыр Жапаров "Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Документ негизинен окубаган балдарды аныктоо жана алардын билим алуусуна кам көрүү максатында иштелип чыккан.

Улуттук статистика комитети менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, учурдагы окуу жылынын башында 2,5 миңден ашык бала жалпы билим берүү уюмдарына окуганы барган эмес.

"Буга ата-энелердин материалдык кыйынчылыкка кабылышы, балдардын аларга иштеп жардам бериши, үйүндөгүлөрдүн диний себептер боюнча мектепке жиберүүдөн баш тартуусу, документтердин жок болушу, ата-энесинин сыртка иштеп кеткенде бир туугандарынын көңүл бурбашы себеп болгон", — деп жазылган маалыматта.

Жарлыкта төмөнкүлөр каралган:

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө:

  • жалпы билим берүү мектептерине киргизилбеген, окууга келбеген же окууну токтоткон мектеп жашындагы балдардын эсебин алсын;
  • жалпы билим берүү мектептерине киргизилбеген, окууга келбеген же окууну токтоткон балдарды жалпы билим берүү мектептерине киргизүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

2. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирге бир айда турмуштук оор кырдаалда калган (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттары жок), аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды таап, зарыл болгон кийимдерди, мектеп формасын жана мектептик окуу-буюмдарын сатып алууда аларга жардам көрсөтсүн.

3. Бул жарлыктын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жүктөлсүн.

4. Министрлер кабинетине:

  • эки айлык мөөнөттө баланын башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алуусу үчүн зарыл чараларды көрбөгөн же чектеген ата-энелердин, балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин.

Мындан сырткары, жергиликтүү бийликке мектепке балдардын баруусуна, ал эми Башкы прокуратурага бул жааттагы мыйзамдын сакталышына тыкыр көзөмөл жүргүзүп туруу жана маалыматтарды бөлүшүү тапшырылган.


sputnik