Төмөнкү 10 оюнчук балаңызда сөзсүз болушу керек

14 декабря 2021 Төмөнкү 10 оюнчук балаңызда сөзсүз болушу керек

Азыркы учурда ата-энелер балдары ойной албайт деген сөздү көп угабыз. Мунун бир нече себеби бар. Невропотологдор балдарда сөзсүз болушу керек деген 10 оюнчукту сунушташат. Алардын арасында кымбат же «эксклюзив» оюнчук жок.

Топ

Баланын бир нече тобу болгону жакшы. Алар түрдүү көлөмдө жана фактурада болушу керек. бир жагынан топ бала үчүн коопсуз, экинчиден - ойноо үчүн чексиз мүмкүнчүлүк. Топ баланын мээси үчүн абдан эффективдүү, анткени ал жалпы жана майда моториканы, мейкиндиктеги координацияны, көрүү жана сезүү жөндөмүн өнүктүрөт.

Кездеме

Кадимки кездеме куурчакка арналган төшөк, костюмдун элементи же курулуш материалы боло алат. Бул интуицияны өнүктүрүү үчүн эң сонун материал.

Конструкторлор

Кураштыруунун бардык түрлөрү - кубиктерден баштап "Легого" чейин баланын терең өнүгүшүнө салым кошот. Бул анын майда моторикасын, фантазиясын жана жалпы ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт.

Чатыр

Жашынууга, өзүн өз алдынча жана ыңгайлуу сезүүгө мүмкүн болгон жабык жерлер баланын психикасына оң таасирин тийгизип, тынчтандырат жана эс алдырат.

Чыгармачылык үчүн буюмдар

Ар бир ата-эне карандаш, боек, пластилин, бор, мончоктордун пайдасын билет. Ошондуктан, алар ар бир балада болушу керек.

Суу оюнчуктары

Бала сууга түшкөндө колуна челек, куту же кадимки йогурттун идишин берип коюңуз. Бала бир идиштен экинчисине суу куюп, интуициясын өнүктүрөт.

Самын көбүгү

Самын көбүгү жөн гана көңүл ачуу эмес, баланын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү үчүн абдан пайдалуу оюнчук.

Пазлдар

Мейкиндиктик ой жүгүртүүнү, чыдамкайлыкты жана эрктүүлүктү өнүктүрүүгө жардам берүүчү сонун курал.

Визуалдык оюнчуктар

Балага "жан берген" куурчактар, аюулар жана башка "достору". Мындай оюнчуктар менен бала ролдук оюндарды ойной алат. Бирок, алар өтө көп эмес экенине ынаныңыз.

Стол оюндары

Стол оюндары баланы эрежелер боюнча ойноого жана өз ара аракеттенүүгө, жеңүүгө жана жеңилүүгө үйрөтөт.