Жаңы жылдан кийин патент жоюлуп, 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотулат

13 декабря 2021 Жаңы жылдан кийин патент жоюлуп, 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотулат

Министрлер кабинети жаңы жылдан кийин патент алуу системасын жоюуну пландап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, соода жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки ишкерлер киреше салыгынан бошотулуп, патент албай калышат.

"Мунун алкагында чакан бизнестеги 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотулат. Мындан ары алар патент албайт. Эгер жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашып кетсе Салык кодексинин негизинде иш жүргүзүшү керек. Министрлер кабинетинин негизги максаты — соода алакасын контролдук-кассалык машиналарга (ККМ) өткөрүү, салык маданиятын киргизүү болуп саналат. Мында азыркыга салыштырмалуу бюджеттик жоготуулар жылына үч миллиардды түзөт. Бирок муну менен биз көмүскө экономикада жүргөндөрдүн баарын ачыкка чыгарабыз", — деди Кожошев.

Депутат Сайдулла Нышанов "мындай норма кайсы бир мөөнөткө гана киргизилип жатабы?" деп сурады. Ага финансы министри Алмаз Бакетаев жооп берип, бул мөөнөтсүз негизде колдонуларын айтты. Ал эми дыйкан, фермерлерди жер салыгынан бошотууга үч жылдык мөөнөт берилерин белгиледи.

Ошол эле учурда Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов түшпөй калган 3 миллиард сомдун орду салыктык жөнгө салуулардын негизинде толтуруларын билдирди.


sputnik