Адистер адамдын боорун талкалаган адаттарды атады

13 декабря 2021 Адистер адамдын боорун талкалаган адаттарды атады

Күнүмдүк жасалган айрым аракеттер ден соолукка кесепетин тийгизиши мүмкүн. Себеби мында адамдын эң маанилүү органдарынын бири болуп саналган боор жабыркайт.

Дүйнөдөгү эң ири медициналык борборлордун катарына кирген АКШдагы Мэйо клиникасынын (Mayo Clinic) изилдөөчүлөрү организмди зыяндуу заттардан тазалаган "фильтрди" жабыркаткан жети адатты санап берген. Тизменин сап башында алкоголдук ичимдик турат. Муну көп колдонгондордун боору фиброз же болбосо андан жаманы циррозго кабылышы толук ыктымал.

Экинчи сапта химиялык каражаттар турат. Ал түрдүү аэрозолдорду туура эмес колдонууда дем алуу аркылуу кирет.

"Аэрозолдордон абайлаш керек. Буларды жакшы желдетилген жерден маска кийип колдонуу кажет. Себеби анда уулуу заттар бар. Өндүрүшчүнүн инструкциясына сөзсүз көңүл бөлүү керек", — дешти адистер.

Медиктердин айтымында, органдагы чыңалууну жазууга дене тарбия көнүгүүлөрү жардам берет. Адам күн сайын жарым саат машыкса боордун иши жакшырат. Адистер ошондой эле жашылча-жемишти колдонор алдында аны жакшылап жууш керектигин, жыл сайын С түрүндөгү гепатитке скрининг жасоону, татуировка же пирсинг жасатууда аспаптардын тазалыгына көңүл бурууну жана туура тамактанууну сунуштады.

РИА Новости агенттиги адистерге таянып, майлуу, куурулган жана туздуу азыктар боор үчүн зыян экенин дагы жазды.


sputnik