Бирөөнүн 135 миң долларын алып алган деп милиция кызматкери кармалды. Сүрөт

13 декабря 2021 Бирөөнүн 135 миң долларын алып алган деп милиция кызматкери кармалды. Сүрөт

Издөөгө алынган Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Эске салсак, буга чейин УКМК С.Р. аттуу милиционер алдамчылыкка шектелип жатканын билдирген. Укук коргоо органдарына кайрылган О.А. аттуу жаран аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын алып алганын айтып, арыз жазган.

Факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункту ("Кызматтык абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүүгө издөө жарыяланып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы (сыртынан) тандалган.

"12-декабрда анын жашаган жери аныкталып, Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан Р.С. табылып кармалды. Ал УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган милиционерден жапа чеккендер болсо (0312) 66-04-75 номерине чалып же 0702233243 WhatsApp тиркемеси аркылуу байланышса болот.


sputnik