Таңкы төшөк оюндарынан кийин маанайыңыз 100% көтөрүлөт

13 декабря 2021 Таңкы төшөк оюндарынан кийин маанайыңыз 100% көтөрүлөт

Таңкы секс – таңкы тамакка даярдалган кооз торт сыяктуу “даамдуу” болот. Анын үстүнө пайдалуу дагы. Ишемби, жекшемби күндөрү коңгуроолуу сааттын ордуна сүйүктүүңүз менен жакындашууну тандасаңыз, төшөктөн учуп эле турасыз. Күнү бою сергек жүрүп, көп жумушка үлгүрөсүз. Эң жакшы жери муну өзүңүз байкабай каласыз.

Таңкы төшөк оюндарынын башка дагы кандай пайдасы бар?

1. Таңкы жыныстык катнаш – эң керемет таңкы машыгуу. Таңкы физикалык көнүгүүлөрдү баары эле жасай бербейт. Көпчүлүк жалкоолук кылат. Ал эми секс менен алектенгендерге анын кажети жок. Себеби, таңкы секс бардык булчуңдарды чыңдап, кан айланууну жакшыртат жана дем алууну жөнгө салат. Активдүүлүгүңүз артат.

2. Махабатка мас болуп, төшөк рахатына тойгондон кийин ден соолук жакшырып, гормоналдык өзгөрүүлөр жүрөт. Эндорфин жана башка гормондордун бөлүнүп чыгышы сизди кубандырат.

3. Эртең менен эркелешүү, бири-бирине болгон жылуу мамиле – баш оорунун, кант диабетине чалдыгуунун алдын алат. Кан айлануу жакшы жүргөндүктөн, жүрөк-кан тамыр ооруларынын эң мыкты профилактикасы. Ал эми аялдарга айыздын алдындагы ооруксунууну болтурбоого жардам берет.

4. Эртең менен жыныстык катнашка барган адамдар башкаларга караганда токтоо жана тыкан болушат дешет адистер. Мындан тышкары, алар стресске кабылбайт.

5. Эртең мененки секс – өзүнө болгон ишенимди жогорулатат. Анткени, жыныстык катнаш учурунда энергия алмашып, бири-бириңизге күч-кубат бересиздер. Башкача айтканда, андан кийин ишеним пайда болот.

6. Эртең мененки секс аркылуу эркек менен аял бири-бирин баалаганды үйрөнүшөт. Мисалы, кечинде таарынышып, былтыйып жатып алдыңыз дейли. Бирок, таңкы жакындашуудан кийин бул таарынычтардын баары унутулат.

7. Таңыңыз кызыктуу көз ирмем менен башталат. Эки жаштын сүйүүсүн ого бетер күчөтүп, бири-бирине болгон сезимин арттырат. Сөзү менен да, иши менен да бири-бирин сыйлап, жашоосун кызыктуу өткөрүшөт.