Көктү тиктеп ыйлап жиберди. Индиялык кыз "Аалам сулуусу" аталды

13 декабря 2021 Көктү тиктеп ыйлап жиберди. Индиялык кыз "Аалам сулуусу" аталды

"Аалам сулуусу" ("Miss Universe") сынагын Индиядан катышкан 21 жаштагы Харнааз Сандху жеңди. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

ВИДЕО

​Иш-чаранын финалы Израилдеги Эйлат курорттук шаарында өткөн. "Аалам сулуусу" сынагы бул өлкөдө биринчи жолу уюштурулду.

​Харнааз Сандхуга таажыны былтыр дүйнөлүк сулуулар конкурсунда биринчини алган мексикалык Андреа Меса кийгизди.

Жеңүүчү кыз моделдик менен бирге актрисалык кесипти аркалап келет. Сынакта экинчи орунга Түштүк Африкалык Лалела Мсване, үчүнчүгө парагвайлык Надиа Ферейра татыган.

Конкурс коронавирустун жаңы штаммынын тарап жатканына карабастан план боюнча өткөрүлдү. Ага 80 мамлекеттин сулуулары катышкан.

"Аалам сулуусу" сынагынын тарыхында ушуну менен үчүнчү жолу таажы индиялык кызга буюрду.


sputnik