Быйыл бензин жана дизель майынын баасы 1,5 эсеге жогорулады. Бирок күйүүчү май наркынын өсүшү токточудай эмес. Буга эмне себеп жана мындан ары баалар кандай болорун мунай сатуучулар айтып беришти.
Кыргызстандыктар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын наркы маанилүү маселелердин бири. Ошондуктан Sputnik Кыргызстан күйүүчү май рыногундагы кырдаалды териштирип, бензин менен дизель майынын бааларына божомолдорду эксперттерден сурады.
Быйыл күйүүчү майдын наркы кыйла жогорулады. Жыл башындагы жана 13-декабрга карата май куюучу түйүндөрдүн бириндеги бааларды салыштырып көрөлү. Дизель майы 21 сомго кымбаттаса, бензиндин баасы андан да жогорулады.
Баанын өсүшүнүн себептери
Баа Кыргызстанда гана көтөрүлгөн жок. Мунай сатуучулар биримдигинин директору Заур Кипкеев белгилегендей, нефтинин наркынын жогорулашынан улам дүйнөдө баалар өсүүдө.
"Пандемиядан кийин өлкөлөрдүн экономикасы тез эле боор көтөрүп кетери эске алынбай калыптыр. Локдаун бардык жерде тездик менен токтотула баштады. Өлкөлөрдүн экономикасы калыбына келип, натыйжада энергияны керектөө өстү. Муну эч ким болжой алган эмес", — деп түшүндүрдү ал.
Кипкеев суроо-талаптын жогорулашынын дагы бир себеби көмүрдү мунай өндүрүмдөрүнө алмаштырып, "жашыл" экономикага өтүү экенин кошумчалады.
Ошондой эле октябрдын башында Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда күйүүчү-майлоочу майлардын наркы кескин өскөнү, сентябрга салыштырмалуу бир тоннанын баасы 100 доллардан ашуун кымбаттаганы да маалымдалган. Буга эки фактор: суроо-талаптын өсүшү жана сунуштун чектелиши таасир эткен. Казакстан таңсыктыкты жоюу үчүн россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордон 150 тоннанын тегерегинде мунай өндүрүмдөрүн сатып алган. Ошол эле учурда эки ири — Омск жана Орск заводдору пландалган жылдык ремонтко жабылды.
Жыл аягына жоромол: баалар өскөндөн өсө бермекчи
Кипкеев мурдагы келишимдер боюнча өндүрүм кымбат сатып алынды, ошол себептен декабрдын аягына чейин чекене баалар көтөрүлүшү мүмкүн экенин, бирок канчалык кымбат болорун айта албасын билдирди. Бирок, анын баамында, азыр мунай сатуучулар өздөрүнө литрине 7-10 сомго чейин чыгым келтирип иштөөдө.
"Баалар акырындап өсүүдө, бизде кескин түрдө жогорулап кеткен жок. Мунай сатуучулар өлкөдөгү экономикалык абалды да эске алууга аракет кылууда", – дейт Мунай сатуучулар биримдигинин жетекчиси.
Чекене баалар өздүк наркынан төмөн экенин башка бир профилдик бирикменин — Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов да билдирди. Ал кымбаттоолор жыл аягына чейин болорун, анткени баалар өздүк наркынын деңгээлине чыга электигин айтты. Мисалы, бензин боюнча 7 сом, ал эми дизель майына 12 сом минуска кетүүдө. Маселен, соңку аптада күйүүчү май дагы бир жарым сомго көтөрүлгөн.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов
Жыл акырына дейре дагы канчалык кымбатташы мүмкүн экенин сураганыбызда Эшатов "ар бир түрүнө 5-6 сомдон кошулушу ыктымал", — деп жооп берди.
Кыргызстанда күйүүчү май таңсыктыгы байкалабы?
Айрым май куюучу жайларда күйүүчү майларда кайсы бир үлгүлөрү жоктугу боюнча нааразычылыктар айтылган. Бирок өлкөдөгү мунай сатуучулардын эки биримдигинин тең жетекчилери күйүүчү-майлоочу майлар маселеси чечилгенин айтышат.
Келерки жылдын башына божомол
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы өздөрүн жабдыган ишканаларда баалар бир аз төмөндөп жатканын, бирок экинчи жагынан чекене баалар дале өз наркына жете электигин белгиледи.
"Жаңыра турган жылга карата маалымат 1-январда гана так болот, дал ошол маалда россиялык заводдор бизге дүң бааларды айтышат", — дейт Эшатов.
Кипкеевдин жообу деле болжол менен ушундай. Анын айтымында, азыр мунай бир аз арзандоодо, күйүүчү-майлоочу майлардын заводдук баасы орточо 20-30 долларга түшүп жатат.
"Баары тышкы рыноктордогу кырдаалга жараша: эгер дагы бир-бир жарым ай мунайдын баасы арзандай турган болсо, бул нефть өндүрүмдөрүнүн заводдон чыгарылган баасын төмөндөтөт", — дейт Кипкеев.
Январь айындагы бааларды жоромолдоого али эрте, анткени мунай рыногу текши бир калыпка түшө электигин, бирок күйүүчү-майлоочу майлардын дүң баасы жылдагыдай бир аз арзандаарына үмүт артарын билдирди ал.
"Адатта январь жана февралда баалар арзан, себеби суроо-талап азая түшөт. Жылдан-жылга ошондой болуп келген. Мунай сатуучулар бааны ооздуктоо үчүн дал ушул убакта сатып алууга тырышат. Келерки жылы да ушул эки айда заводдук баалар төмөндөйт деген үмүттөбүз. Бирок бул тек гана үмүт, божомол эмес", — деп түшүндүрдү Кипкеев.
Бирок ал маанилүү бир нерсени: заводдон чыгарылган баалар арзандаган күндө да бул чекене соодага дароо таасир этпей турганын эскертти. Анткени мунай сатуучулар буга чейинки бааны өздүк наркынан төмөн кармап турган маалдагы чыгашаларын жаап алууга тийиш.
Мунайдын баасын, ал тууралуу жоромолдорду эске алуу абзел. Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин Экономикалык теория кафедрасынын доценти Олег Чередниченко ушундай оюн ортого салды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун коронавирустун жаңы штаммы жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин мунайдын дүйнөлүк баасы түштү, бирок бул Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасына чагылбаганын эске салды. Анын пикиринде, күтүлгөндөй эле аталган уюм жана АКШ жетекчилиги "омикрон" анчалык кооптуу эместигин билдиришти.
Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин Экономикалык теория кафедрасынын доценти Олег Чередниченко
"Ошондуктан кара алтындын баасы жылдык максимумга кайра кайтары толук ыктымал. Ошону менен бирге эле Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баа жарышы дале уланышы мүмкүн", — деп кошумчалады экономист.
Акциз жана мамлекеттик жөнгө салуу
Октябрда мунай сатуучулар күйүүчү майлардын баасын жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрү калбаганын, чекене бааны жыл аяктаганча ошол айдагы калыбында кармап туруунун бир гана механизми – мунай өндүрүмдөрүнө салык салуу жаатындагы утурумдук түзөтүүлөр экенин айтып чыгышкан. 1-ноябрдан 31-декабрга дейре бензин жана дизель майына акциздик салыктын ченин төмөндөтүп, күйүүчү-майлоочу майды ташууну салык жана кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотууну өтүнүшкөн.
Бирок, Эшатовдун айтымында, бийлик андай кадамга барган эмес, баалар өсө бермекчи. Кипкеев акцизди төмөндөтүү жөнүндө эми кеп кылыштын өзү кеч экенин белгилейт.
"Декабрь-январь айларына карата ошондой кадамга баруу зарыл эле. Бирок декабрь ортолоп барат, январда бул маселе менен кимдир бирөө алектенеринен шегим бар", — деп түшүндүрөт Кипкеев.
20-ноябрда Кыргызстандын бийлиги күйүүчү-майлоочу майлардын баасына мамлекеттик жөнгө салууну пландап жатканын кабарлаган. Тийиштүү токтомду министрлер кабинети Экономика министрлигинин коомдук талкуусуна койгон. Бирок эки бирикме тең мындай кадамдан майнап чыгарына ынана беришпейт. Мисалы, Эшатов бул туурасында эч нерсе айта албай турганын билдирүү менен: "Биз мамлекеттик жөнгө салууну кантип киргизгени жатканын билбейбиз. Күйүүчү-майлоочу материалдар толугу менен импорттолот, алар анын баштапкы баасына таасир эте алышпайт. Чекти аныктай алышат, бирок ал баа өздүк наркынан төмөн болсо, эч ким иштебей коёт", — деп кошумчалады ассоциация башчысы.
Кипкеев да мамлекеттик жөнгө салуу процесси түшүнүксүз экенин, бул тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдарга да айтканын билдирди.
"Бул 100 пайыз импорт, мамлекеттик жөнгө салуу кандайча салынат? Мисалы, көмүр баасын 3 миң сом деп чектей алабыз, анткени өлкөдө казып алынат. Бензин жаатында мындай болбойт", — деди Мунай сатуучулар биримдигинин директору.
Ошондой эле ал мамлекет кепилдик берип, заводдордон белгилүү бир баада сатыларына Россия менен да макулдашса, мунай сатуучулар каршы болушпайт деген пикирин айтты.