Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине барып, заманбап шаарларды кыдырат

13 декабря 2021 Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине барып, заманбап шаарларды кыдырат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар болору күтүлүүдө.

Ошондой эле Жапаров Дубай шаарындагы EXPO — 2020 көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышат. Аны менен катар Dubai Smart City жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору болуп саналган Абу-Даби шаарындагы Masdar City менен таанышат.

Мындан сырткары, Кыргызстан — Бириккен Араб Эмирлиги — 2021 туристтик роуд-шоу, бизнес-форуму өтөт. Анын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр болмокчу.


sputnik