Статком көмүр 6 пайызга арзандаганын айтты

13 декабря 2021 Статком көмүр 6 пайызга арзандаганын айтты

Көмүрдүн чекене баасы республика боюнча ноябрга салыштырмалуу төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

10-декабрга карата маалымат боюнча, көмүр үстүбүздөгү жылдын ноябрына салыштырмалуу 5,9 пайызга төмөндөп, орточо эсеп менен тоннасы 5 342 сомдон сатылуда.

Эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн 7 989 миң сом), Баткен (7 969 сом) жана Кербен (7 824 сом) шаарларында катталды. Ал эми минималдуу баа Чаек айылында (3 миң сом), Балыкчы (4 049 сом), Нарын (4 449 сом) жана Токмок шаарларында (4 598 сом) болууда.

Белгилей кетсек, көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн атайын токтому чыккан. Анын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ар бир аймакта кара алтындын баасын бекиткен. Учурда бул эреже сакталышы үчүн тиешелүү органдар маал-маалы менен көмүр саткан жайларга рейд жүргүзүп жатат.


sputnik