Кышкысын витаминге бай жана ден соолукка пайдалуу мандаринди кантип тандаш керектигин "Прайм" агенттигине "Роскачество" мекемесинин изилдөө бөлүмүнүн башчысы Лилия Котельникова айтып берди.
Адистин пикиринде, сапаты жакшы, туура сакталган мандарин бат аарчылышы керек. Ал үчүн кабык менен мөмөнүн ортоосунда бир аз боштук болгону жакшы. Анткен менен кабык ого эле бошоп кеткени жемиштин туура эмес сакталганынан кабар берет.
"Мандариндин көпчүлүк сорту С витаминине бай. Жемиш туура сакталса витамин дагы касиетин жоготпой, иммунитетти көтөрөт. Ошондой эле суукка урунган организмди бат калыбына келтирет", — деди Котельникова.
Мындан тышкары, адис алыс жерге алып барчу жемиштер момго (воск — ред.) салынарын айтып, аны жылуу суу менен жууп коюу жетиштүү болорун кошумчалады.