БШК жаңы 7 депутаттын ысымын атады. Расмий жыйынтык

13 декабря 2021 БШК жаңы 7 депутаттын ысымын атады. Расмий жыйынтык

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарынан жеңүүчү аталган жети талапкерди расмий жарыялады.

Ага ылайык, төмөнкү округдардын жыйынтыгы толук чыгып бүттү:

  • №2 Баткен шайлоо округунан — Нурлан Ражабалиев;
  • № 3 Кадамжай шайлоо округунан — Ырысбек Атажанов;
  • №4 Көк-Жар шайлоо округу — Өмүрбек Бакиров;
  • №5 Ноокат шайлоо округу — Жусупбек Коргонбай уулу;
  • №19 Токтогул шайлоо округу — Кундузбек Сулайманов;
  • № 26 Ленин шайлоо округу — Жаныбек Абиров;
  • № 20 Манас шайлоо округу — Дастанбек Жумабеков.

Буга чейин БШК сегиз шайлоо округдун жеңүүчүлөрүн атаган. Эскерте кетсек, Кыргызстан боюнча 36 шайлоо округу тизмеге кирген.


sputnik