Нурдөөлөт Копоев: аз жерден уулумдун аты Сүмбүл болуп кала жаздаган

13 декабря 2021 Нурдөөлөт Копоев: аз жерден уулумдун аты Сүмбүл болуп кала жаздаган

Белгилүү актёр, теле алып баруучу, Чыңгыз Айтматов жана Жолдубай Кайыпов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Нурдөөлөт Копоевдин чыгармачылыгына 20 жыл толду.

Нурдөөлөт Копоев жыйырма жыл аралыгында башынан өткөргөн кызыктуу көз ирмемдери менен бөлүштү. Ал өзү иштеген "Учур" театрынын азыркы абалына кейип, ушул кезге чейин имараты жок экенин да белгиледи.

— Колунан көөрү төгүлгөн устанын уулу кандайча театрга, чыгармачылыкка кызыгып калган?

— Ат-Башынын Кара-Булуң айылынан болом. Апам таңга маал, уйку-соонун ортосунда жатса эле качанкы каза болгон апасы түшүнө кирип "ай, тур, сен эркек төрөйсүң. Атын Нурдөөлөт койчу. Аябай ырыстуу жигит болот" деп аян берет. Анан көзүн ачса эле толгоосу келип калган экен. Ошентип атымды Нурдөөлөт койгон. Апам азыр баарыбыздын төрөлгөн убагыбызды божурап айтып калат. Анан кээде тамашалап "апа, 16 баланын качан, кайсы маалда төрөлгөнүн кантип эстейсиз?" дейм. Ата-энем экөө тең уз жана уста кишилер болчу. Атам раматылык 2001-жылы өтүп кетти. Апам азыр 82 жашка келип калды. Бизден тың, жамакчы, кошокчу, тилдесе да макалдаштырып сүйлөгөн киши. Менин өнөрүм ошол апамдан калса керек деп ойлоп коём. Атам чоң уста болчу. Менде андай талант жок. Башка балдарынын баары колунан көөрү төгүлгөн чебер. Эжекелерим күмүштү камырдай ийлеген зергерлер. Арасынан мен эле тайларымды тартып калгам го (күлүп).

Башка кесиптерде "буга акчам жетпей калды, тигил жагын окуй берейин" деп тандаса болот. Бирок актёрдук кесип андай эмес. Ага тээ кенедейиңден көөдөндө уютку, талант, анан кызыгуу болуу керек. Бала кезде анда-санда гана гезит-журналдар чыкчу, теле-радиолордон артисттер тууралуу берүүлөр болчу эле. Жанталашып угуп, залкарлардын өмүр-таржымалын жаттап калчубуз. 1994-жылы Төлөмүш Океев, Кадыржан Кыдыралиевдер Ат-Башыга келип Кожожаш тууралуу "Ак илбирстин тукуму" деген фильм тартып, ага улай эле үйгө келип атам тууралуу да "Устанын өз бактысы" деген кыска метраждуу тасма тартып кетишкен. Ошол тартуучу топ мени таасирлентти. Анткени чоң-чоң камераларды, прожекторлорду орнотуп, кечинде даярданып, анан караңгы жерге кирип пленкаларды чубап алып жаткандарын көрүп кызыккам. Мурда актёрдук кесипти кызыгуудан, кыялдануудан улам тандагам деп айта берчүмүн. Бирок 40тын кырына келгенде ызадан улам тандаганымды билдим. Анткени мындай чыгармачылык топтор үйгө көп эле келишти. 7-классымда тартуучу топ дагы эле атам менен Бакдөөлөт инимди тартып жатышкан. Мен бери жакта суктанып, шыкаалап карап туруп, анан тасмага түшкүм келип устаканага кирип барсам бир оператор байке: "Чыкчы ай, эшикке. Кандай баласың, кайра-кайра эле киресиң", - деп урушту. Ошондо огородго барып алып аябай ыйлагам. Анан тасмага тартылып жатканымды, телеге чыгып, кычырап сүрөткө түшкөн кезимди кыялдангам. Анан да мен байкуш дайыма мал карап, кой багып үйдө калчумун. Үйдөгүлөр ырыстуу жерлерге Бакдөөлөттү ээрчитип, аны көбүрөөк жакшы көрүп, эркелетип турушчу.

— Кийин ата-энеңиз актёр болгонуңузду колдодубу?

— Жакшы эле кабыл алышты. Бирок атам "сен койчу болосуң, колхоздун коюн алып берем. Жайлоого чыгасың. Коку-уй, ушунча баладан койчусу жок деген эмне шумдук" деп айта берчү. Бирок багыма ырас колхоз тарап кетти.

Бала кезден эле кой кайтарсам да, окууга барсам да колумдан китеп түшпөй, "Саманчынын жолундагы" Майсалбектин катын, "Жамийла" повестиндеги Сейиттин монологун жаттай берчүмүн. Мугалимден "этюд деген эмне" деп сурап, ага да даярданчумун. Анан мектепти бүткөн кез өтө кыйын учурга туш болду.

Улуу эжем мени алгач Дүйшөн Байдөбөтовго тапшырган. Бир жылдай агайдын колунда тарбияланып, драмтеатрдын алдында окуп, анан Москвага кеттим. Кастингде бир орунга эле 50 киши туура келди. Медакадемиянын 5-курсунда окугандар да келген. Ал кезде Шайыр Касымалиева, Гүлмира Турсунбаева, Алтынбек Максутовдор Москвадан окууну жаңы бүтүп келишкен кези. Алардан комиссиянын жетекчиси Козуновдун абдан кыраакы киши экенин, жактырса дароо четин чыгарарын уктук. Ошентип экзаменге кирип, этюд аткарып, чыгып бара жатканда комиссиянын жетекчиси "увидимся там" деп койду. Аны сыртта тургандарга айтсам, "ой, өтүптүрсүң" деп куттуктап чурулдашканбыз. Ошентип 1-турда эле өтүп кеттим. Үйдөгүлөргө Москвага кетерге жакын гана айткам, жибербей коюшат го деп ойлодум. Бирок алар деле сүйүндү. Анан жашоо-турмуш чоң калаада башталды. 

— Студенттик күндөрүңүз союз тарап, жаңыдан эгемендик алган жылдарга туш келген турбайбы...

— Үйүңдөн алыс, азыркыдай телефон байланыш жок. Болгон акчаңды чогултуп телеграфка буюртма бересиң. Анан күтүп отуруп, чакырганда бир-эки сөз айтканга араң жетишебиз. Ошого эле кубанып, көкүрөгүң толуп "үй менен сүйлөштүм" деп келип калчубуз. Биз Москвага жаңы барганда шаардын 750 жылдык мааракесине туш болдук. Айлана абдан кооз, жаркырайт. Майрам бир айдай болгон. Анан Москваны аралап жүрүп, Юрий Никулин атындагы цирктин жанынан өтүп баратсак, эл жык-жыйма. Сураштырсак Никулинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатыптыр. "Буга да күбө болдук ээ" деп бери жакта карап турганбыз.

Азиз Мурадилаев, Илим Калмуратов, Жеңишбек Жумакадыр, Жолдошбек Жанжигит, Кыял Аданова болуп чогуу окудук. Кыйын кезең болду, бирок бир маал ысык тамак, транспортто бекер жүрүүчү билет, жатакана берген. Анан эң башкысы, окуу гана керек болчу. Менин бөлмөм чоң эле. Бирөөлөр диван берип, ичин сонун кылып жасап алгам. Баары биздин бөлмөгө чогулуп, окуп, даярданып, чыгарманы талдап, анан тамак бышырып жечүбүз. Ачка калган күндөрүбүз да болду. Бирок анын бирин да үйгө айтчу эмеспиз. Бири-бирибизге каралашчубуз, орус тилден кыйналгандарыбызга жардам берип, ынтымактуу элек. Мен убагында Миронов, Папановдор иштеген Сатира театрында короо шыпырып төрт жыл иштедим. Айлык аларда узун кезекте турган белгилүү артисттер "биздин келечектеги кесиптешибиз, Щепкинде окуйт" деп кезексиз өткөрүп коюшчу. Улуу болсо да жөнөкөй адамдар эле. Анан бизге каалаган театрга кирүү бекер болчу. Экскурсияга жумасына эки-үч жолу Антон Чехов, Александр Островский өңдүү классиктердин үй-музейлерине барып турчубуз. Алар биздин билим алуубузга дем берген. 

— Чыгармачылыгыңыз 2001-жылы башталган экен. Убагында Бишкекте силер үчүн театр ачылат деп убадаланып, бирок толук аткарылбай калганын уккан элек...

— Ооба, Михаил Щепкин атындагы театралдык окуу жайдын 3-курсунда "Бишкекте силер үчүн театр ачылып жатат" дешип, мугалимдерибиз бизди теле-радио, үн коштоо жаатында да даярдашкан. Бишкекке келгенде президенттин катышуусунда "Учур" жаштар театры ачылды, бирок айлык аз, убадаланган батирлер берилген жок. Жыйырмадай улан-кыз бүтүп келгенбиз, көбү чыдабай кетип калды. Москвада стипендия алып, иштеп, кенен жүрүп калган жаныбыз абдан кыйналдык. Мен деле 700 сом айлык алчумун. Анан бир карыш кипятильнигим болор эле, кружкага толтура сууну кайнатып, ага Ош базардан 15 сомго алып келген китлабымды майдалап салып, тузу жок эле акырын ичип алчумун. Анан сыр бербей политехникалык окуу жайдан КТРКга чейин жөө келчүбүз. Бизде деле "кетели" деген ой болгон, бирок агайларыбыздын "ушунча окудуңар, эми иштөө керек" дегенин эстедик. Мен да алдыма "баарына чыдап, эмне болсо да иштейм" деген максат койдум. Ошондон бери бул тармактын ысык-суугун көрүп, театрда актёр, теле-радиодо үн коштоп, жомок окуп, алып баруучулук да кылып келе жатам. Буга да өжөрлүк керек экен. Быйыл 20 жылдык кечемди өткөрдүм. Сценарийин бир ай пандемияда камалып жатканда иштеп чыккам. Көп эле концерттерге катышып жүрөм, негизинен баары эле стандарттык программада өтөт. Баштан-аяк бир сценарий түзүлүп, ал кесиптештердин жардамы менен элге тартууланды. 

— Кино тармагы жанданганы менен эмнегедир сизди тасмадан көп көрө албайбыз?

— Алгач ирет "Апамдын махабаты", "Издейм сени" деген сериалдарга тартылдым. Анда жаш кезим, жаңыдан гана чыгармачылыкка аралашып жаткан убак эле. Азыр башкача ойномокмун. Кийин теле жаатына өтүп кеттим. Режиссёрлор теле алып баруучуларды эмнегедир көп чакыра бербейт. Анткени имидж жаралып калды да. Кийин деле бир нече кастингден өтүп кеткем, бирок "таарынбаңыз, сизди кайсы бир телеканалдын жүзү катары тааныйбыз, эл да ошондой кабыл алат" дешкенде, "иий, телеге чыкпай турбай" деп өкүнүп кетем. Теледе деле көпкө жүрө албайсың да. Ал өзү сулуулукту, жаштыкты, энергияны талап кылат. Бир аз иштесем кино жаатында образ жаратууга үлгүрүп калармын деген ниет бар. Себеби театрда иштөөгө мүмкүнчүлүк жок.

— Кандай актёр болбосун кыялындагы ролу болот экен, сиз кандай образ жаратууну кыялданасыз?

— "Жылкыңа карап ышкыр" деген сөз бар. 2007-жылдан бери "Учур" театры имараты жок иштеп келебиз. Кичинекей эле бөлмөдө иштеп жүрүп Түркиянын беш шаарында, Уфа, Москва жана Казанда өткөн эл аралык фестивалдарга чейин катышып келдик. Андан тышкары, Япония, Европа өлкөлөрүнө чакыруу болду, бирок каражат жок барбай калдык. Чынын айтсам, кыялданган ролум жок. Азыр бул жаатта кыялдануу деле пайдасыз болуп калды. Театр боюнча ой-тилектерибиз, үмүтүбүз акырындап өчүп бара жатат. Анткени колдоо жок. Азыр экөөбүз отуруп бир пьесаны жактырып калып, алып барсак дароо эле "ой, буга баланча кийим тиктирүү зарыл, тиги режиссёр коёт, ага төлөш керек, интерьерге акча кетет" дешет. Абалыбыз бул, казына бош болуп турса каяктагы кыялдануу... 

— Киночу?

— Кинодо тарыхый тасмаларда ойноого кызыгам. "Көчмөндөр оюндарында" мага четтен келген душмандын ролу берилип калды. Соот кийимчен, муруту чыйралган баатыр болдум. Ошондон кийин кыялымда тарыхый тасмада баатырдын ролун ойногум келип жүрөт (күлүп).

— Режиссёрлорго деле профессионалдар менен иштешүүнү кааласа керек. Анткени билими жок роль аткаруучу менен кесипкөй актёрдун айырмасы асман менен жердей да...

— Былтыр Кыргызстан менен Индия биригип тасма тартышты. Мен индустун ролуна өтүп кеттим. Негизи ал съемканы эки күнгө пландашыптыр, бирок түшкө чейин тасма тартуучу жерди даярдап, кечке чейин эле тартып койдук. Ошондо индус продюсерлер кебетем индустарга окшош экендигин айтып, аткаруучулугума баа беришкен эле (күлүп).

Айрым актёрлор чынында режиссёрду кыйнап коёт. Кайра-кайра дубль кылдырып же айта турган сөздөрүн жаттап келишпейт. Индустар да байкаганбы, атаандаштык курч болгондуктан аларда мындай мамиле такыр жок экенин айтышты. Индустар акчасын да жакшы төлөшөт экен. Сценарийди алгандан үч күндөн кийин актёрлор сынактан өтпөсө дароо кетирип, кайра башкасын тандап алып тарта беришет. Калгандары даяр болуп күтүп турушат экен. Бизде да ушундай тартип болсо деп койдум.

— Жогоруда алып баруучулуктан улам актёрдук кесибиңиз калып кетип жатканын айттыңыз. Негизи убагында "Учур" театрынын көрөрмандары да көп эле, эл аралап концерт коюп каласыздарбы?

— Эл аралап калганда "сагындык" деген сөздү көп угабыз, анан сахнага туруп алып биз да көрүүчүлөрдү сагынганыбызды айтабыз. Негизи көп чыгармачыл топтор "жол алыс, үшүйбүз, шишийбиз" деп гастролго чыкпай коюшат экен. "Учур" театры спектакль, анын артынан бир сааттык концерт коюп, аймактарды көп кыдырабыз. Коронавирус башталганы эле чыга албай калдык. Былтыр маркум Зайырбек Ажыматовду эскерүү иретинде "Жүрөктөгү бороон" деген бир сааттык спектакль коюлган. Анан жердештери суранып Аксыга барып келдик. Июндун башында теребел укмуш гүлдөп жаткан кез болот экен. Аксы эли сонун кабыл алды. Спектаклди ойноп бүтсөк, бир аксакал чыгып, чөнтөгүн аңтарып төрт миң сом алып "болгону ушул экен, жолдон кымыз ичип кеткилечи" деп сунду. Бул да болсо бизге деген сый-урмат.

Жакында "Учур" театрынын 20 жылдык кечеси болот. Ага да даярданып жатабыз. Андан кийин республиканын алыскы аймактарын кыдыруу планыбызда бар. Спектаклден кийин бир сааттык концерт коюп, ырдап-чоордойбуз. Эл сонун кабыл алат. Биздин да бугубуз чыгып калат. Ар бир аймак театрды күтөт. 

— Телеканалда чет элдик тасмаларды которуу, үн коштоо жагында да көп эмгектендиңиздер. Азыр бул жаатта кандай иштер аткарылып жатат?

— Улуттук канал алгачкылардан болуп котормо, үн коштоону баштадык эле. Эң биринчи "Союзмультфильмдин" он мүнөттүк тасмаларын которгонбуз. Эсимде, "Рики-Тики-Тави" деген мангус жөнүндө мультфильмди кыргызчалап жатышыптыр. Анда эч кандай шарт да, компьютер да жок. Телевизор, анан кассета гана бар. Мага алгач мультфильмди көргөзүп "сен ушул жыланды ойно" деди. Ал Нагаина деген аял-жылан экен. "Ой, бул аял турбайбы, үнүн кантебиз?" десем "окшоштуруп көрчү" дешти. Көрсө, башка киши жок болуп жатыптыр. Анан аракет кылып окусам эле жаратышты. Бара-бара жабдыктар да жакшырды. Акыркы кезде пандемиядан улам чет элдик тасмаларды сатып алуу жок, иш бир аз токтоп турат. Көпчүлүк да "бул тасма эмне болду? Тиги сериалды которбойсуңарбы" деп кайрылышат. Менимче, иштер кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана актёрлордун чеберчилигин арттырууга жакшы жардам. Азыр дубляж жасоочу көптөгөн жеке студиялар да ачылыптыр. Өткөндө ошондой студиянын чакыруусу менен барып бир мультфильмден жети каармандын үнүн коштодум. Жакты, тажрыйбасы жана акчасы да мыкты экен. Алматыда жакында кастинг өттү. Баралы десек чек арадан өткөрүшпөйт. Үн коштообузду онлайн жиберсек абдан жактырышты. Буюрса жаңы жылдын алдында чакырарын айтууда. Казактар түрк мультфильмин кыргызча которуп жатышыптыр. Аларда бир тасмадагы аял-эркектин үнүн эки эле актёр окуп коет экен. Башында буга көнбөй жүрдүк. Анткени бир образды алганда анын интонациясын, тынышын, дем алганынан бери келтирип көрүүчүгө жеткирүү керек. Бирок казактар биздин ар бир персонажга ылайыктуу адам таап дубляж жасаганыбызга кызыгып калды. Менимче, үн тандоого жана коштоого өтө кылдаттык менен мамиле жасоо керек. Бул да чыгармачылык.

— Сүмбүл аганын үнүн да сонун келиштиргенсиз...

— Алгач группалашым Кыял Аданова жаңы сериал келгенин айтып, чакырган. Ал "бир сериал келди, узак болот. Арасында бир роль бар, үнүн окуш да кыйын. Билбейм эй, сүлүк курттай болгон роль экен" деп айткан (күлүп). Негизи Сүмбүл аганын ролу абдан оор болчу. Анткени Хүремдин алдына барганда кошоматтанып үнү өзгөрүп, кыздарга барганда чоң сүйлөп, бийлеп тургандай кубулган үн. Анан кыйкырып "иии-ий, эк, ка, мм..." деген өңдүү кыска тыбыштарды көп колдонот. Сериалда Сүмбүл кетип калганда артынан Хүрем издеп барат эмеспи, ошондо Сүмбүл ыйлап тагдырын айтып берген жерин студияда ыйлап окугам. Аябай аянычтуу болгон эле. Анан дагы бир жолу ошол сериалды тарткан түрктөр келип иштегенибизди абдан жактырышкан. Жогорку деңгээлдеги котормо деп Кыргызстанды мактап кетишти. Анткени көп өлкөлөрдө эки киши эле окуп коёт да.

Ошол "Даңазалуу доор" фильми катуу жүрүп жатканда уулдуу болуп калдым. Анан апама кошуналар келип, "бешик боо бек болсун! Атын ким койдуңар?" десе, апам "Ибрагим коёюн десем, аны баланча коюп алыптыр, Султанды да бирөө ээлептир, анан айла жок Сүмбүл койдум" деп тамашаласа, баары "ат калбай калгансып" деп чычалашкан. Аны айтып апам күлүп жүрдү. Ат тандоону өз эркиме койгондуктан баламдын атын Нурбайыр деп койгом. Ошентип аз жерден уулум Сүмбүл болуп кала жаздаган.

— Келинчегиңиз менен кесиптешсиз, балдарыңыз да чыгармачылык менен эриш-аркак өсүп жатышат. Алар деле театрга жакын болсо керек...

— Ооба, бир кезде Сабира Күмүшалиева менен кошуна туруп калгам. Муратбек ата экөөнүн окуяларын айтып берип эле "бир жерде иштеген жакшы да" деп калчу. Чынында келинчегим ишимди түшүнөт, кээде ролго даярданганда бири-бирибизди карап, сөздөрдү чогуу жаттап калабыз.

Ал эми балдарымдын адам болушун каалайм. Нурбайыр жети айлык төрөлгөн, үнү да чыкчу эмес. Анан араң кыбырап көзүн ачканда эле үйдөгү сүрөттөрдү карап таң калып жата берчү. Биз "бул сүрөтчү болот го..." деп койчубуз. Чынында эле азыр апасы столдун үстүн жыйнаса жардам берип, укмуш кооздоп, буюмдарды өзүнчө дизайн менен тизип коёт. Алмамбет деген сүрөтчү байкем бар. Ал "уулуң сүрөтчү же дизайнер болот го, шыгы бар экен" деп сүйүндүрүп койду. Кызыма бий эле болсо болду. Баарыбызды отургузуп алып эле бийлей берет.

Жумуштан келгенде балдарым "ата, эмне алып келдиңиз?" деп чөнтөгүмдү аңтарып калышат. Анан "деги чөнтөкчү болбосоңор экен" деп калам (күлүп).


sputnik