Суук түшөбү? Алдыдагы аптага карата аба ырайы

13 декабря 2021 Суук түшөбү? Алдыдагы аптага карата аба ырайы

Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, борбор калаада дүйшөмбүдө күн ачык болот, бирок шейшемби жана шаршемби күндөрү кар жаашы күтүлөт. Жаан бейшембинин таңында басылып, ишембиге чейин күндүн көзү бузулбайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй облусу

14-15-декабрь күндөрү кээ бир райондордо кар жаайт. Жуманын башка күндөрү жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

Талас облусу

13-декабрда түнкүсүн тоолуу аймактарда, 15-декабрда кээ бир райондордо жаан жаайт. Аптанын башка күндөрүндө күн ачык болот.

Ош облусу

13-декабрда күндүн көзү бузулбайт, ал эми 14-15-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Андан соң жума соңуна чейин жаан жаабайт.

Жалал-Абад, Баткен облустары

13-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бирок 14-15-декабрда кээ бир райондордо кар жаайт. Андан соң күндүн көзү ачылып, 16-декабрдан 18ине чейин ачык турат.

Ысык-Көл облусу

13-декабрда аба ырайы бузулбайт, бирок 14-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. 15-18-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусу

Бул аптада Теңир-Тоодо жаан жаабайт. Ошол эле учурда тоолуу райондордо жолдор тайгак болору эскертилди.


sputnik