Жыл соңуна чейин Бишкекте дем алыш күндөрү жарманке өтөт. Дареги

10 декабря 2021 Жыл соңуна чейин Бишкекте дем алыш күндөрү жарманке өтөт. Дареги

Жыл соңуна чейин Бишкекте ар жуманын дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү эртең мененки саат 09:00дөн 16:00гө чейин Раззаков көчөсүнүн Киевден Токтогулга чейинки бөлүгүндө уюштурулат.

"Азык-түлүктү ортомчусу жок, өндүрүшчүлөрдүн койгон баасы менен алууга болот", — деп айтылат маалыматта.

Кызматташууну каалагандар 0707 702 703, 0771 949 499 номерлери аркылуу байланышка чыга алат.


sputnik