Бишкектин түштүгүндө үч автоунаа кагышты. Үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

10 декабря 2021 Бишкектин түштүгүндө үч автоунаа кагышты. Үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

Бишкектин түштүк бөлүгүндө үч автоунаа кагышты.

Бишкектин Кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, жол кырсыгы саат 09:00дө 7-Апрель көчөсүндө, Түштүк магистралдын ылдый жагында катталган.

ВИДЕО

Анда Lexus, BMW жана Toyota Estima үлгүсүндөгү минивэн кагышкан. Интернетте кырсыктын видеосу тарады. Анда көрүнүп тургандай, BMW үлгүсүндөгү автоунаанын темири эле калган.

Ыкчам медицина борборунун директорунун орун басары Егор Борисовдун айтымында, BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каза болуп, Lexus үлгүсүндөгү автокөлүктөн эки адам жабыркаган. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.


sputnik