Россиялык кардиолог Дарья Сергеева "Известия" гезитине берген маегинде адамдын дени сак болуп, жүрөк-кан тамыр ооруларына жана башка илдеттерге чалдыкпаш үчүн салмагы кандай болушу керектигин айтып берди.
Дарыгер бул үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) дене салмактын индекси боюнча таблицаны пайдаланган.
Мисалга бою 170 сантиметр, салмагы 65 килограммдык кишини алалы.
- Дене салмагынын индекси боюнча эсептөө: 65 : (1,7 х 1,7) = 22,5
- Эркектер үчүн норма — 19-25, аялдар үчүн — 19-24.
Демек, бою 170 сантиметрлик кишиге 65 килограмм салмак туура деп эсептелет. Эркектер үчүн индекс 25тен, аялдар үчүн 24төн ашып кеткенде адам толуктардын катарына кирип, кесепетинде ар кандай илдеттер пайда болушу мүмкүн.
"Ашыкча салмак жүрөк ооруларын, инсультту, кант диабетин, муун ооруларын, айрым учурда онкологиялык дарттарды пайда кылышы мүмкүн", — деди Сергеева.
Ошол эле маалда дарыгер толук адамдардын бардыгын оорулуу деп айтууга болбосун белгиледи. Анын айтымында, адамдын ички органдары жакшы иштеп, туура тамактанып, активдүү жашоо образын карманса көп ооруларды алдын алса болот.