Диетолог: көк чай рак клеткаларынын өрчүү тобокелчилигин азайтат

10 декабря 2021 Диетолог: көк чай рак клеткаларынын өрчүү тобокелчилигин азайтат

Күн сайын ченеми менен көк чай ичүү коркунучтуу илдеттердин өрчүү тобокелчилигин азайтат. Бул тууралуу диетолог Татьяна Иванникова РИА Новостиге билдирген.

Ал аталган суусундук адамдын жанын жай алдырып, табитти көп ачпайт. Башкача айтканда, көк чай ичкен соң адам көп тамак жегиси келбей калат. Көк чайда катехин жана С витамини көп экени белгиленди.

"Катехиндер капиллярларды бекемдеп, рак клеткаларынын өрчүү тобокелчилигин азайтып, иммунитетти бекемдөөгө жардам берет", — деген медик.

Ошол эле учурда адис кан басымы төмөн, боор, ичеги оорусу барлар көк чайды этияттап ичиши керектигин эскерткен.


sputnik