Бишкекте эркектерге караганда аял ишкерлер көп

10 декабря 2021 Бишкекте эркектерге караганда аял ишкерлер көп

Кыргызстанда 344 424 жаран жеке ишкердик жүргүзүп келет. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул категорияга ишкерликтин айрым түрлөрү боюнча юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкер катары же патенттик негизде мамлекеттик каттоодон өтүп, ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жарандар кирет.

Статистикага ылайык, жеке ишкерлердин 64,6 пайызын эркектер, 35,4 пайызын аялдар түзөт. Ал эми аймактар боюнча бөлүп эсептегенде бир гана борбор калаада ишкер айымдар көп экени байкалат. Башка региондордо эркектер басымдуулук кылат.

Аймактар боюнча жеке ишкерлердин саны:

  • Бишкек шаары — аялдар 11 336, эркектер 9 479;
  • Ош шаары — аялдар 9 527, эркектер 14 906;
  • Баткен облусу — аялдар 10 045, эркектер 24 723;
  • Жалал-Абад облусу — аялдар 14 803, эркектер 31 848;
  • Ысык-Көл облусу — аялдар 14 021, эркектер 26 593;
  • Нарын облусу — аялдар 8 524, эркектер 14 694;
  • Ош облусу — аялдар 20 403, эркектер 51 643;
  • Талас облусу — аялдар 5 084, эркектер 8 618;
  • Чүй облусу — аялдар 28 133, эркектер 40 044.


sputnik