Азыркы балдарды тарбиялоо кыйынбы?

9 декабря 2021 Азыркы балдарды тарбиялоо кыйынбы?

Жаңы замандын балдары бетме-бет пикир алышуунун ордуна телефон менен компьютерде отурганды жакшы көрүшөт. Учурда балдар каалаган нерсесине оңой жетип, андан тез тажайт. Мындан улам, балдардын баарына бирдей таасир эте турган ыкма табуу мүмкүн эмес. Ага карабай, баланын туура өнүгүүсүнө терс таасир эте турган бир нече фактор бар:

Байланыштын жоктугу

Көпчүлүк ата-энелер балдары тоскоол болбош үчүн телефонун колуна кармата салат. Заманбап технологиялар ата-эне менен баланын ортосун бөлүп салары чындык. Кээ бир ата-эне өздөрү телефон кармап, кызыгып, анын ичине кирип кетет. Дастаркондун башында отуруп, күндүн кандай өткөнүн сурагандын ордуна, телефондогу кыска видеолорду, сериалды көрүшөт.

Айланадагы адамдар менен тил табышуу – ар бир адамды ийгиликке жетелейт. Бул жөндөм балада кичине кезинен эле калыптанат. Эгер бала интернет желесине, оюндарга байланып үйдө отуруп калса, коомго аралашуусу кыйын болот. Башка адамдар менен тил табыша билүү оңой эмес, өзү эле аткарыла бербейт, ал сапатты өнүктүрүү керек.

Технологиялар

Азыр телефон, компьютер, телевизорсуз жашоону элестетүү кыйын. Ал эми кичинекей бала андагы өң-түстү, оюндарды бат эле иргеп алып, жөндөп кетет. Бардык көйгөй мектепке барганда башталат. Мектеп куралдары компьютер менен телефон сыяктуу жаркын, түркүн-түстүү эмес. Сабактар да оюн сыяктуу бат өтүп кетпейт. Ошондуктан, бала мектептен тез тажайт, кызыгуусу да тез тарайт. Жогорку технологиялар баланы бош кармоого алып келет. Жаңы нерсени үйрөнүүдө кызыгуусун төмөндөтөт. Анткени, ал кызыккан нерсенин баарын бир кнопканы басып эле таап, билип алат.

Молчулук, жетишкен жашоо

Азыркы балдарды баары эле жай, жетишкен турмушта өсүп жатышат. Даамдуу тамак, кооз кийим, акыркы үлгүдөгү гаджеттер. Ата-энелер да балдарына мүмкүн болушунча шарт түзүп берүүгө аракет кылат. Азыр балдар эч кандай эмгек кылбай эле каалаганына жеткендиктен, ата-энеси кубантуу үчүн алып берген оюнчуктарды баалай албайт. Бул балдарды жүүнү бош, кыйынчылыкка чыдабай турган кылып өстүрөт.    

Убакытты туура пайдаланбайт

Көпчүлүк ата-энелер балдардын жүгү көп, чарчайт деп аяшат. Азыркы балдарды бош убактысы аз, мектепте сабактар кыйын, үй иштери ж.б. көптөгөн милдеттемелер бар. Деген менен балдар өзүн ишин аткаруудан тажабайт. Болгону алардын убактысын туура бөлүштүрүүгө ата-энелер жардам бериши керек.

Баланын өз алдынчалыгына шарт түзүлбөйт

Ар бир ата-эне  баласын жагымсыз нерселерден коргогусу келет. Чоңойгондо да ошону жасай берет. Мектепте эки алса, аны мугалим менен сүйлөшүп, оңдоп койгусу келген ата-энелер бар. Баланын ордуна үй тапшырмасын аткарышат. Албетте, бала үчүн камкордук маанилүү. Бирок, ашыкча камкордук баланы өз алдынчалыктан ажыратат. Ат-эне дайыма эле баланын жанында боло албайт.