Боомдо тосмого урунган автоунаа өрттөнүп кетти. Видео

9 декабря 2021 Боомдо тосмого урунган автоунаа өрттөнүп кетти. Видео

Audi C4 маркасындагы автоунаа Боом капчыгайында жол четиндеги тосмого урунгандан кийин өрттөнүп кетти.

ВИДЕО

Окуянын күбөсү кырсыктын видеосун жиберген. Анын билдиришинче, жол кырсыгы бүгүн эртең менен Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 122-чакырымында катталган. Жабыркагандар болгон эмес.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы кырсыкка кабылган унаа өрттөнүп кеткенин тастыктады.

Жабыр тарткандар тууралуу азырынча так маалымат жок, бирок бир киши жапа чеккен болушу мүмкүн. ЖКККББ кызматкерлери жеринде аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат.


sputnik