Наристелерге бербегиле. Каймакты кимге жегенге болбойт?

9 декабря 2021 Наристелерге бербегиле. Каймакты кимге жегенге болбойт?

Каймакты 1,5 жашка чейинки балдарга таптакыр бербей эле койгон туура, ал эми ашказанында гастрити, боорунда жана өтүндө көйгөйү барлар азыкты абайлап жеши керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине нутрициолог Ольга Ковиненко айтып берди.

"Каймак — бул сүттөн ачытылып жасалган азык, майлуулугу 10 пайыздан 30 пайызга чейин жетет. Бирок ченемин билсе, албетте, пайдалуу. Каймак витаминдерге (А, С, Е, К, D, В), аминокислоталарга, цинк, калий, кальцийге бай, ошондой эле тамак сиңирүүгө жана микрофлорага, тери, чач, тырмактарга оң таасирин тийгизет", — деген Ковиненко.

Адис кичинекей балдардын ашказаны каймакты сиңире албай турганын эскерткен. Ошондой эле арыктайм дегендерге оолагыраак болуу сунушталат.


sputnik