Жапаров Токаев менен жолугуп, кыргызстандыктар үчүн чек араны ачууну өтүндү

8 декабря 2021 Жапаров Токаев менен жолугуп, кыргызстандыктар үчүн чек араны ачууну өтүндү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Жапаров жолугушуу учурунда чек араларды ачуу маселесин козгогон.

"Эки өлкө тең коронавируска каршы вакцинациянын паспортторун тааныганына байланыштуу Казакстандын чек араларын эмделген жарандар үчүн ачууга кол кабыш кылууну өтүнөм", — деген Жапаров.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөрүн белгилеген. Тараптар энергетика, айыл чарба жана инвестиция маселелери боюнча кызматташууну талкуулашкан.

Токаев Кыргызстанда парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, бир тууган өлкөлөр ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө басым жасаган.


sputnik