Жогорку Кеңешке келчү жаш депутаттар. Тизме

8 декабря 2021 Жогорку Кеңешке келчү жаш депутаттар. Тизме

Жаңы мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке 25 жаштан өйдөгү курактагылар депутат боло алат.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, бюллетендер кол менен саналып бүттү. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын 18-декабрга чейин жарыялашы керек.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан чыккан Орозайым Нарматова Жогорку Кеңештеги эң жаш депутат болуп калышы мүмкүн. 27 жаштагы талапкер шайлоочулардын 992 добушун алган. Кесиби боюнча бухгалтер-экономист жана журналист. 2015-2017-жылдары "Мекенчил" партиясынын теңтөрайымы болуп эмгектенген.

Нарматова шайлоодо биринчи жолу ат салышып жаткан жок. 2020-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан чыгып, Жогорку Кеңештин депутаттарынын тизмесине илинген. Бирок 5-6-октябрдагы окуялардан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. Белгилей кетсек, ушул жылдын сентябрь айында ИИМ Нарматова өлкө жетекчилигин негизсиз сындап, ошондой эле регионалдык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаганы үчүн кармалып, кийин бошотулган. Юстиция министрлигиндеги маалымат боюнча Нарматова "Жаштар коому" укук коргоо уюмунун жетекчиси жана тең төрайымы болуп эсептелет.

Нилуфар Алимжанова 30 жашта. Ал Жогорку Кеңешке "Альянс" партиясы менен аттанган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Алимжановага 1 300 адам добуш берди. Талапкер "экономика" жана "эл аралык мамилелер" адистиктерине ээ. Эмгек жолун 2016-жылы баштап, Улуттук статистикалык комитетте башкы адис болуп иштеген.

Чыңгыз Ажыбаев дагы 30 жашта. Ал шайлоого бир мандаттуу талапкер катары Лейлек шайлоо округунан чыгып, болжол менен 10 971 адамдын добушун алды. Юридикалык факультетти аяктаган талапкер БШКнын маалыматы боюнча Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын тергөөчүсү.

"Ишеним" партиясынын өкүлү Эмилбек Жусупов 30 жашта. Алдын ала жыйынтык боюнча, ал 10 754 добуш топтогон. Кесиби боюнча юрист. 2014-жылдан 2016-жылга чейин "Дастан Курулуш" ишканасында жетектөөчү кызматтарда иштеген. 2020-жылы "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти болуп турган учурда "Биримдик" партиясы менен Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан, бирок ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.

Депутат болчулардын катарын 30 жаштагы Аида Исатбек кызы толуктайт. Ал парламенттик шайлоого "Ынтымак" партиясы менен аттанып, болжол менен 3 950 добуш алган. Кесиби боюнча юрист. 2014-жылдан бери "Нурс Мебель" ишканасын жетектейт. Мындан тышкары, ал Борбор Азиядагы аял ишкерлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын адвокаттар коллегиясынын жана JIA ассоциациясынын мүчөсү.

Жылдыз Таалайбек кызы 31 жашта. Талапкер Жогорку Кеңешке "Ишеним" партиясы менен келе жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, 8 076 добуш алган. "Юриспруденция" жана "эл аралык мамилелер" адистиктери боюнча окуган. Таалайбек кызы ТИМдеги эл аралык укук департаментинде эмгектенип, 2021-жылдан бери "Таалай Курткаев" кайрымдуулук фондун жетектеп келет.

Жаныбек Абиров 32 жашта. Аны калаа тургундары Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы катары жакшы тааныйт. Бул шайлоодо ал талапкерлигин Ленин округунан койгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Абиров 11 180 добуш алган. Жогорку билимдүү. Юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык өзүн-өзү башкаруу менеджменти факультеттерин аяктаган. 2008-жылы АКШда жашап, иштеп, Кыргызстанга келгенден тарта ишкерлик менен алектене баштаган. 29 жашында шаардык кеңешти башкарган.

Азамат Исираилов 33 жашта. Жогорку Кеңешке "Альянс" партиясы менен келе жатат, азыркы эсептөөлөр боюнча шайлоочулардын 6 288 добушун алды. Кесиби боюнча юрист.

Фарходбек Алимжанов дагы 33 жашта. Парламенттик шайлоого "Альянс" партиясы менен аттанып, 5 780 добуш алды. Алимжанов кесиби боюнча экономист жана мамлекеттик, муниципалдык башкармалыгы боюнча менеджер. 2013-жылдан 2016-жылга чейин "Ак-Кайың" ишканасын жетектеген. "Айбек Алимжанов" кайрымдуулук фондунун директору. Алимжанов 2020-жылы "Бир бол" партиясы менен шайлоого катышкан.

Жанарбек Акаев 34 жашта. Бул ирет ал Жогорку Кеңешке шайлоого "Альянс" партиясы менен барып, элдин 4 854 добушун алды. Акаев кесиби боюнча журналист. 2015-жылы ЖКга КСДП менен келген. 2020-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясын жетектеп чыккан.

Медербек Алиев 35 жашта. Талапкер "Ишеним" партиясында эң көп (10 875) добуш топтогондордун катарында. Кесиби боюнча юрист. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген, 2021-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү. Конституциялык кеңешменин курамына кирген. Юстиция министрлигиндеги маалыматтар боюнча, Алиевдин "Про-Лекс" юридикалык компаниясы бар.

Бакыт Тентишев 35 жашта. Ал шайлоого "Ынтымак" партиясы менен аттанып, 5 624 добуш алган. Тентишев "экономика жана ишкана башкаруу" адистигине окуп, көп жыл Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгында иштеген.


Эрулан Көкүлов дагы 35 жашта. Шайлоого ал "Ынтымак" партиясы менен чыгып, болжол менен 18 395 добуш алган. Кесиби боюнча экономист. "Не сахар" берүүсүнүн автору жана алып баруучусу. 2020-жылкы парламенттик шайлоого "Реформа" партиясы менен катышкан.



sputnik