Акжол Махмудов менен Роман Власовдун кайда беттеше турганы аныкталды

8 декабря 2021 Акжол Махмудов менен Роман Власовдун кайда беттеше турганы аныкталды

Грек-рим күрөшү боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону Роман Власов Акжол Махмудовдун Бишкекте беттешүү сунушун кабыл алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Власов буга чейин Акжол менен беттешүү ниети бар экенин, аны тезирээк уюштуруу керектигин билдирген. Кыргыз балбаны ал чакырыкты кабыл алып, Бишкекте таймашууну сунуштаган.

"Биз жакында устатым менен таймаштын өтө турган күнүн жана саатын белгилейбиз. Учурда уюштуруу иштери жүрүп жатат. Бишкекте эле өткөрөт окшойбуз. Рома, (Роман Власов) макулсуңбу?" — деп жазды Махмудов.

Россиялык спортчу Акжолдун постуна комментарий калтырды.

"Боордош Кыргызстанда дүйнөнүн эң күчтүү балбандарынын бири менен килем үстүндө таймашарыма кубанам", — деген Власов.

31 жаштагы Роман Власов россиялык атактуу спортчулардын бири. 2012-жылы Лондон жана 2016-жылы Рио Олимпиада оюндарынын алтын байгесин уткан. Үч ирет дүйнө, көп жолку Европа чемпиону болгон. Ал Токио Олимпиадасына бара албай калган. Деген менен быйыл Ослодо өткөн дүйнө биринчилигине катышып, чемпион болду.

Ал эми 22 жаштагы Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын, 2018-жылдагы Азия оюндарынын күмүш байге ээси. 2018-жылдагы Азия чемпиону.


sputnik