Соцфонддо акчаңыз сакталып турарын билчү белеңиз? Аны кантип алса болот

8 декабря 2021 Соцфонддо акчаңыз сакталып турарын билчү белеңиз? Аны кантип алса болот

Социалдык фондго төгүп жаткан камсыздандыруу төлөмдөрүнүн топтомо бөлүгүн көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу фонддун төрагасы Бактияр Алиев парламентте билдирди.

"Топтомо бөлүгүнүн көлөмү 2010-жылы эки пайыз болуп киргизилген, ошол бойдон өзгөрүүсүз турат. Аны кийинки жылы көбөйтүүнү өкмөткө сунуштоону пландап жатабыз. Учурда эгер кайсы бир жаран пенсия курагына жетпей каза болуп калса, топтомо каражаты анын мураскерине берилет. Маркумдун мураскери каттоодо жок болсо, биз анын туугандарына кабар беребиз. Эгер эч ким алып кетүүгө келбесе каражат Социалдык фонддо калат", — деди Алиев.

Эл өкүлү Айсулуу Мамашова "ал каражатты Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алып жатканда баштапкы төлөм катары бере тургандай кылса болобу?" деп сурады.

Соцфонддун төрагасы ушундай жол менен 50 адамга 8,6 миллион сом төлөнүп берилгенин айтты.

Топтомо эсеби жарандардын социалдык фондго чегерген төлөмдөрүнүн эки пайыздык бөлүгүнөн түзүлөт. Аны өзү каалаган учурда алып колдонсо болот. Эгер пенсия курагына жете электе каза болуп калса мураскерине берилет. Мисалы, Соцфондго чегерүүлөрдүн суммасы 100 миң сомду түзсө, анын 2000 сому топтомо бөлүгүнө түшөт.


sputnik