УКМК: Чолпон-Атадагы РЭС жетекчисинин үйүнөн майнинг-ферма табылды

8 декабря 2021 УКМК: Чолпон-Атадагы РЭС жетекчисинин үйүнөн майнинг-ферма табылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭС) башчысы криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштурганын аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен иштөө бөлүмү билдирди.

ВИДЕО

РЭСтин 45 жаштагы И.А.Ж. аттуу жетекчиси майнинг-ферманы өзү жашаган жеринде уюштурганы УКМК жана Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш-чараларынын негизинде аныкталган.

"Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында И.А.Ж. жашаган Чолпон-Ата шаарындагы үйдөн майнинг-ферма электр энергиясына эсептегичтен тышкары туташтырылган. Мындан улам ири көлөмдөгү электр энергиясын уурдоо фактысы аныкталды", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсундө.

Белгилей кетсек, И.А.Ж. узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭСинде ар кандай кызматтарда иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тарта аталган уюмдун башчысы болуп дайындалган. Ал суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, электр энергиясын уурдоого шектелүүдө. Муну менен ал өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна зыян келтиргени айтылат.

Учурда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары тергелип, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


sputnik