Швейцарияда өлүү үчүн кычкылтексиз камералары колдонууга уруксат берилди

8 декабря 2021 Швейцарияда өлүү үчүн кычкылтексиз камералары колдонууга уруксат берилди

Sarco компаниясы сунуштаган ыктыярдуу эвтаназия үчүн капсулалар Швейцарияда юридикалык экспертизадан өттү. Бул капсулаларды эми мыйзамдуу колдонууга жана бүткүл өлкө боюнча жайылтууга болот. Бул тууралуу капсуланы ойлоп тапкан дарыгер, Exit International өндүрүштүк компаниясынын негиздөөчүсү Филипп Ничке Swissinfo басылмасына берген маегинде билдирген.

3D принтерде жасалган капсуланы өлгүсү келген адам камеранын ичинде иштетет. Биринчиден, ага бир нече суроолор берилет. Андан кийин камераны азот менен толтуруучу механизмди иштетүүгө мүмкүндүк берет. Адам капсуланын ичинде кычкылтексиз калат. Бирок, Ничкенин айтымында, ал эч кандай ыңгайсыздыкты сезбейт.

"Баш-аягы 30 секунд убакытты алат. Гипоксиядан же гипокапниядан, башкача айтканда, кычкылтек менен көмүр кычкыл газынын жетишсиздигинен адам каза болот. Адам эч кандай кыйналууну сезбейт", — деди окумуштуу. Анын айтымында, капсулалар Швейцарияга келерки жылы ташылып келиши мүмкүн.

Учурда Швейцарияда дарыгердин жардамы менен суицид жасоого уруксат берилген. 2020-жылы бул мүмкүнчүлүктү 1,3 миң адам колдонгон.

Ошондой эле, эвтаназия Испанияда, Бельгияда, Люксембургда, Нидерландыда, Канадада жана Колумбияда мыйзамдуу түрдө колдонулуп келет.