Парламентте Жээнбеков менен Зулпукаровду кармагандарды жоопко тартуу сунушталды

8 декабря 2021 Парламентте Жээнбеков менен Зулпукаровду кармагандарды жоопко тартуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттарын кармаган тергөөчү, прокурорлорду жоопко тартыш керек. Бул туурасында эл өкүлү Шералы Абдылдаев парламентте билдирди.

Белгилей кетсек, депутаттык комиссия "Кумтөр" иши боюнча коррупцияга айыпталып алты айдан бери абакта отурган Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду "мыйзамсыз кармалган" деп тапты.

"Комиссия биздин кесиптештерди камакка алууда мыйзам бузуу болгон деп жатат. Мындай туура эмес чечимдерди кабыл алган тергөөчү, прокурор жоопко тартылабы? Мындан кийин ушундай нерселер болбошу үчүн аны да комиссиянын чечимине дагы көрсөтүп койбойлубу. Биздин практикада мыйзам бузган тараптарга эч кандай чара жок. Чечим кабыл алган адамдар жоопкерчиликке тартылсын же мыйзам чегинде жооп берсин", — деди Абдылдаев.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартып, абактан чыгаруу чечимин кабыл алды.

Ал эми бийликти басып алууга даярданган деп кармалган депутат Бакыт Жетигенов боюнча жыйынтыгын депутаттык комиссия түштөн кийин жарыялайт.


sputnik