Комиссия: Асылбек Жээнбеков үч депутаттын көрсөтмөсү менен кармалган

8 декабря 2021 Комиссия: Асылбек Жээнбеков үч депутаттын көрсөтмөсү менен кармалган

Абакта отурган депутат Асылбек Жээнбековдун кол тийбестигинен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын караган депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Комиссиянын төрагасы Канат Исаев парламентке маалымат берип, Жээнбеков үч депутаттын көрсөтмөсү менен кармалганын айтты.

"УКМК жана Башкы прокуратуранын маалыматын угуп, депутаттын жактоочулары менен аңгемелештик. Берилген материалда шектүү тууралуу далил базасы жок экени көрүнүп турат. Ой жана божомолдордон башка Жээнбековдун күнөөсүн ырастоочу тикелей далилдер жок экенин баса белгилей кетүү кетек. Мурдагы депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов жана Алмазбек Баатырбековдун көрсөтмөлөрүнө гана негизделген. Алар УКМКнын тергөө абагында отурган учурда көрсөтмө берген. Тергөө менен кызматташууга кол койгон. Ошондуктан алардын көрсөтмөсү шек жаратат", — деди Исаев.

Белгилей кетсек, ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев үч эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлгөн.

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.


sputnik