Организмди тазалап, арыктатат. Ден соолукка пайдалуу азык аталды

8 декабря 2021 Организмди тазалап, арыктатат. Ден соолукка пайдалуу азык аталды

Күнүмдүк рациондогу быштак сөөктөрдү бекемдеп, боорду, муундардын иштешин жакшыртат, уйкуну калыбына келтирип, арыктоого жардам берет. Бул тууралуу диетолог Ольга Кораблева РИА Новостиге билдирген.

Анын айтымында, быштакта уйкусуздуктан, тынчсыздануудан жана депрессиядан арылткан аминокычкыл көп. Бул азык кальций менен фосфорго да бай.

"Аны тамактануу рационуна кошсоңуз тиштеги көйгөйлөрдөн да арыласыз. Ошондой эле сөөктөр бекемделип, тырмак менен чач да жакшырат", — деген медик.

Ал майлуу тамактарды (тез татым, куурулган тамак, таттуу, камыр) көп жеген адамдын боорун май басып кетерин эскерткен. Мындай учурда быштак май алмашууга оң таасирин тийгизип, кандагы жаман холестеринди азайтууга жардам берери кошумчаланды.


sputnik