Кайсы партия канчанчы орунда? Бюллетендер кол менен 100 пайыз саналып бүттү

7 декабря 2021 Кайсы партия канчанчы орунда? Бюллетендер кол менен 100 пайыз саналып бүттү

Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын баары толугу менен саналып бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Бюллетендерди кол менен саноо 28-ноябрда шайлоо тилкелери жабылгандан кийин эле башталган.

Өлкөдө жана чет мамлекетте ачылган 2 494 шайлоо участкасындагы протоколдордун маалыматтары келип түшүп, бюллетендер кол менен 100 пайызга эсептелип бүттү.

Ага ылайык, беш пайыздык чектен алты партия өттү:

  1. "Ата-Журт Кыргызстан" — 17,30 пайыз;
  2. "Ишеним" — 13,63 пайыз;
  3. "Ынтымак" — 10,99 пайыз;
  4. "Альянс" — 8,34 пайыз;
  5. "Бүтүн Кыргызстан" — 7:04 пайыз;
  6. "Ыйман нуру" — 6,15 пайыз.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыккан.


sputnik