Өзүн Нургүл деп тааныштырган келин учурда шаардагы таттуу токочторду жасаган цехте иштерин, бирок тапканы турмушуна дайыма эле жете бербесин, ошого да шүгүр кыларын айтып берди.
“Турмушка чыкканда гана үй-бүлө куруп жашоо оор экенин билдим. Бир уул, бир кыздуу болдук. Ошол учурда кайын-журтумдан да, өзүмдүн энемден да мага жардам болгон жок. Тескерисинче, апам тез-тез телефон чалып, үйгө чакыртып алат. Үй жыйнап, базарга барып азык-түлүк алып келип бермей менин мойнумда. Болгондо да күйөөм берген акчага алып келип берем. Иним болсо керелден-кечке жатат. Ага апам сөз тийгизбейт. Аяйт.
Үйгө келип үй ишин жасайм, күйөөм жумуштан келгенче тамагын белендеп турам. Ал да күндү кандай 2өткөрдүң, чарчаган жоксуңбу деп бир ооз сурап койбойт.
Ал эми апам болсо, тез-тез эле мени чакырып алып: “мен силерди атаңар таштап кеткенде жалгыз багып чоңойтком, сенин болсо күйөөң бар, анча-мынча жардам берип турсаң, эч жериң кемибейт. Көрөт элем сени да мага окшоп таштап кеткенде, балдарыңды кантип чоңойторуңду” деп айламды алты кетирет.
Иним болсо баягы-баягы телефон чукуп жатмай. Ага сөз айтпашым керек. Иште да дебешим керек. Апам ажылдап беттен алат дароо эле. Анын ордуна: “Иниңе жакшы бут кийим алып берсең боло, курткасы да кичине келип калды, ошону деле айттырбай эле алып бер да” деп айламды кетирет. Ансыз да азык-түлүгү менден болуп жатпайбы.
Акыркы кездерде апам менен инимдин алкымы чоңоюп кеткендиктен, күйөөмдөн көп акча сурай албай, ооруп атам, дарыга акча керек дей баштадым. Башында унчукпай берип жүрсө, эми “кайсы жериң ооруйт экен? Доктурга көрүндүңбү? Диагнозун эмне деди? Деги айыгат бекенсиң?” деп такап сурай баштады. Мен болсо айлам кеткенде “жатында миома бар экен. Ошону дарылатам” дедим. Күйөөм унчукпай акча берди. Ага да апама, иниме кийим алып, үйгө продукта алдым.
А бирок, чындап ооруп калганда апам да, күйөөм да карабай койду. Башым жарылчудай болуп, көзүм караңгылап, ордумдан турсам жер көчөт. Ошол күнү апам чалып: “иниңдин туулган күнү, достору келет экен. Келип эки-үч салат жасап, ысык тамак жасап, конок тосуп бер” деди. Ага ооруп жатканымды, жаным жер тартып, кыйналып атканымды айтсам. “Кетоналдан 2 таблетка ичип ал да кел. Коноктор кеткенден кийин канча кааласаң ооруй бер” деди. Бирок мен ордумдан тура алган жокмун.
Күйөөмө да ысык тамак жасап бере албадым. Ал жумуштан келип: “Сенин ооруңа канча акча кетти. Сен болсо дагы ээле айыга элексиңби? Эки жалдан ашты го дарыланып жүргөнүңө, сеники эмне айыкпай турган оорубу?” деп жинденди. Менин дагы жиним келип “Ооба, айыкпай турган оору” дедим.
“Мага оорукчан аялдын кереги жок. Кет. Башка аял алам” деп ачуу менен сыртка чыгып кетти. Ошол ошо болду күйөөм мага сүйлөбөй коркутуп бир ай жүрүп алды.
Менин абалымды түшүнбөй койгонуна ыза болуп, балдарды ачып, үйдөн чыгып кеттим. Апамдыкына да барган жокмун. Иним экөөн көргүм келген жок. Курбу кызымдын шаардын сыртындагы дачасында балдарым менен жашап калдым. Кийин жумушка орноштум, тиричилигимди жолго салып алдым. Ооба, кыйынчылык көп, бирок мээм тынч, жаным тынч. Балдарым жанымда. Андан башка мага эч нерсенин кереги жок...” деп сөзүн аяктады Нургүл аттуу аял.