Жогорку Кеңештин эң бай алты депутаты. Тизме

7 декабря 2021 Жогорку Кеңештин эң бай алты депутаты. Тизме

Салык кызматы Жогорку Кеңеш депутаттарынын 2020-жылга карата тапшырган декларациясын жарыялады. Белгилей кетсек, материалда учурдагы статусуна карабай былтыр депутат болуп тургандар көрсөтүлдү.

Рейтинг боюнча Азамат Арапбаев депутаттардын эң байы аталды. Ал өткөн жылы 54,4 миллион сом киреше чогулткан.

Экинчи орунда экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун (азыр Даниил Урицкий деген ат менен белгилүү) мурдагы жубайы Динара Исаева турат. Ал 28,8 миллион сом тапкан.

Үчүнчү сапка илинген Исхак Пирматовдун жылдык кирешеси 16,8 миллион сомду түзөт.

Ал эми Салайдин Айдаров 16 миллион сомго чукул каражаты менен төртүнчү орунду ээледи.

Бешинчи орунда турган Орозбек Алыбаевдин былтыр 12,5 миллион сом иштеп тапканы белгилүү болду.

Иса Өмүркуловдун кирешеси дагы 12,5 миллион сомго чукулдап, алтынчы орунга чыкты.

Мындан башка депутаттардын бир жылда иштеп тапкан акчасы 10 миллион сомго жеткен эмес.


sputnik